Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 230
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомунун редакциясына ылайык)
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын иштөө системасын өркүндөтүү, өндүрүштүк шарттарын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, облустук филармониялар жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки II бөлүмү ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, облустук филармониялар жана Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки 2-бөлүмүндө:
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
39 | Бий тобунун артисттери, анын ичинде: |
|
|
|
| 1) жогорку категориядагы артисттер | "Хореографиялык искусство" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, биринчи категориядагы артист кызматында иш стажы 3 жылдан кем эмес | "Хореографиялык искусство" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, биринчи категориядагы артист кызматында иш стажы 3 жылдан кем эмес |
|
| 2) биринчи категориядагы артисттер |
| "Хореографиялык искусство" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, экинчи категориядагы артист кызматында иш стажы 3 жылдан кем эмес |
|
| 3) экинчи категориядагы артисттер |
| "Хореографиялык искусство" багыты, адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билими, иш стажына талап коюлбайт |
|
- 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 761, 762, 763, 764-пункттар менен толукталсын:
761 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | Жогорку кесиптик (экономикалык) билими, сатып алуулар чөйрөсүндө квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүктүн же кесиптик кайра даярдоо жөнүндө дипломдун милдеттүү түрдө болушу, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес |
|
|
762 | Мобилограф | Кесиптик (техникалык, гуманитардык) билими, социалдык тармактарда кесиптик иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес |
|
|
763 | Маалыматтык технологиялар боюнча адис | Жогорку кесиптик (техникалык) билими, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес |
|
|
764 | Арт-менеджер | Жогорку кесиптик (гуманитардык) билими, маданият, искусство, менеджмент чөйрөсүндө иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес |
|
|
- 84-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
84 | Техникалык өндүрүштүн начальниги | Техникалык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто билими, адистиги боюнча иш стажы 3 жылдан кем эмес | Техникалык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто билими, адистиги боюнча иш стажы 3 жылдан кем эмес | Техникалык багыттагы, адистиктеги жогорку же орто билими, адистиги боюнча иш стажы 3 жылдан кем эмес |
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-майындагы № 36 (3589) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |