Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-августу № 474
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктунун экинчи абзацындагы "409" деген цифралар "614" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-октябрындагы № 655 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегинде (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар):
- 42-главасынын 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 104-пунктунун "Индикатор/күтүлүүчү натыйжа" графасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5 | Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын райондук түзүмдөрү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ведомстволук мекемелери, Архив кызматынын борбордук архивдери, аймактык башкармалыктары, шаардык жана райондук мамлекеттик архивдери, токой жана аңчылык чарбалары, мамлекеттик жаратылыш коруктары жана мамлекеттик жаратылыш парктары, Суу ресурстары кызматынын суу чарба бассейн башкармалыктары жана райондук бөлүмдөрү, Ветеринария кызматынын аймактык жана райондук ветеринариялык диагностика жана экспертиза бөлүмдөрү | 1,80 |
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.