Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 132
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин телерадиоберүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү реформалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
1) 2-пунктчадагы "жана Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
"21) Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын административдик-башкаруу, чыгармачыл-өндүрүштүк, өндүрүштүк-техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын типтүү штаттары 21-тиркемеге ылайык;";
4) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 21-тиркеме менен толукталсын;
5) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинин 4-бөлүмү ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
| 1-тиркеме |