Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 22-марты № 124-т
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишине байланыштуу маселелерди тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: