Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78, 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200, 2024-жылдын 23-майындагы № 262, 2024-жылдын 4-июлундагы № 352, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2024-жылдын 6-ноябрындагы № 671, 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 683, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 695, 2025-жылдын 12-мартындагы № 129, 2025-жылдын 28-майындагы № 285, 2025-жылдын 29-июлундагы № 453, 2025-жылдын 8-августундагы № 478 2025-жылдын 12-августундагы № 486 , 2025-жылдын 14-августундагы № 494, 2025-жылдын 28-августундагы № 535, 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741, 2025-жылдын 25-октябрындагы № 756, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760, 2026-жылдын 10-февралындагы № 79, 2026-жылдын 10-февралындагы № 82, 2026-жылдын 19-февралындагы № 121, 2026-жылдын 27-мартындагы № 197, 2026-жылдын 30-мартындагы № 202, 2026-жылдын 3-июнундагы № 389 , 2026-жылдын 10-июлундагы № 472, 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 597 токтомдорунун редакцияларына ылайык) ЖАЛПЫ БӨЛҮМ 1-глава. Жалпы жоболор 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында лицензиарлардын аткарылуучу иштерге жана (же) көрсөтүлүүчү кызматтарга лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, узартуу, колдонулушун токтотуу боюнча ишин тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты. 2. Жобо лицензиарлардын лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы аракеттеринин (жол-жоболорунун) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун аныктайт. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө, дубликатын берүүдө, ошондой эле чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу тартибинде жана бир тараптуу тартипте таанууну жүзөгө ашырууда мамлекеттик алымды алуу салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 4. Лицензиялоону ушул Жобонун II бөлүгүндө “Өзгөчө бөлүгүндө” көрсөтүлгөн лицензиарлар жүргүзөт. 5. Лицензиардын лицензиялоо процессиндеги иши ушул Жобого, лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле тиешелүү тармактагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат. 6. Маалыматтык технологияларды пайдалануу менен лицензиялоо жүзөгө ашырылган учурда лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтото туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан бардык процесстер автоматташтырылган (электрондук) формада жүзөгө ашырылат. Бардык юридикалык маанилүү иш-аракеттер жана юридикалык маанилүү чечимдер электрондук түрдө жүргүзүлөт. 7. Лицензия, лицензиянын тиркемеси жана (же) уруксат кагаз түрүндө же лицензиардын автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу түзүлгөн электрондук түрдө берилет. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 741 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтер лицензиар тарабынан ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу суралат. Бул учурда арыз ээсинен документтерди кагаз түрүндө берүү талап кылынбайт. 2-глава. Лицензиялоону жүзөгө ашыруу эрежелери жөнүндө маалымдоо |