Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-сентябры № 586
Кыргыз Республикасында асыл тукум жылкы
чарбасынын ишинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу “Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы “Кыргызмамасылтукумзаводу” мамлекеттик ишканасынан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги” мамлекеттик мекемесинин карамагына бардык укуктары жана милдеттери, тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
1) Ош облусу, Ноокат району, Көк-Бел айылы, Исанов көчөсү дарегинде жайгашкан “Көк-Бел” мамлекеттик асыл тукум заводу” филиалы;
2) Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы, У. Абдразаков көчөсү, 81 дарегинде жайгашкан “Нарын” мамлекеттик асыл тукум заводу” филиалы;
3) Талас облусу, Талас району, Талды-Булак айылы, Турду аке көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан “Талас” мамлекеттик асыл тукум заводу” филиалы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун жыйырма алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
| “ |
|
|
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5878 | 975 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 134 | 21 |
| аймактык бөлүмдөрү | 163 | 43 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5581 | 911 |
|
| ”. |
|
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын: