Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-апрели № 178
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн белгилөө, автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону ишке ашырууну оптималдаштыруу максатында, “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрмө пункттарында мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ишке ашыруу тартиби 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынын автомобилдик өткөрмө пункттарында өтүүчү товарларга жана транспорттук каражаттарга карата санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык, транспорттук жана бажылык контролдоонун ишке ашырылышын жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоонун мамлекеттик органдары Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынуучу продукциялардын (товарлардын) бирдиктүү тизмегине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөрдүн, карантиндик материалдардын, карантиндик товарлардын) тизмегине, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 317 чечими менен бекитилген Ветеринардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилбеген үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген товарларга карата Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык жана ветеринардык контролду ишке ашырбайт;
2) Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы автомобилдик өткөрмө пункттарында ушул токтомго ылайык мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырууда, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук түрдөгү маалыматтар жана дайындар (документтер) колдонулат;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук жаатында көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук түрдө берилген маалыматтары жана дайындары (документтери) электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн аныктыгын ырастаган реквизиттерге, формаларга (форматтарга) жана жол-жоболорго, “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын маалымат (электрондук документ) алмашуу интерфейстерине, анын ичинде “Түндүк” ачык акционердик коомунун Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда аларды каттоого карата белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш;
4) электрондук түрдөгү маалыматты жана дайындарды (документтерди), анын ичинде маалымдамаларды жана классификаторлорду өткөрүп берүү ушул токтомго ылайык “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.