Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин2024-жылдын«13»майындагы №42
буйругуна тиркеме
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик монополияга каршы орган, техникалык регламенттердин жана өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдар) тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-1-беренесинде аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
2. Мониторинг жүргүзүү
3. Ыйгарым укуктуу органдардын, анын ичинде алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечимди 1-тиркемеге ылайык төмөнкү негиздер боюнча кабыл алышат:
– жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-булактарында, анын ичинде социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтардын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулгандыгын күбөлөндүргөн фактылардын негизинде;
– мониторинг жүргүзүү планына ылайык (мындан ары – План).
Мониторинг жүргүзүү планы ыйгарым укуктуу органдардын/алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан квартал сайын, мониторинг жүргүзүү кварталынан мурунку кварталдын акыркы айынын 15-не чейин 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана бекитилет.
Планга төмөнкү субъекттер киргизилет:
– соода түйүндөрүнүн дүкөндөрү;
– тармактуу коомдук тамактануу объекттери, б.а. мыйзамдуу негизде чарбакер субъектке же “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жактардын бир тобуна кирген бир нече чарбакер субъекттерге таандык болгон 2 (эки) же андан көп коомдук тамактануу объекттеринин жыйындысы же бирдиктүү коммерциялык белгиге же жекелештирүүнүн башка каражаты менен чогулган 2 (эки) же андан көп соода объекттеринин жыйындысы;
– республикалык маанидеги шаарларда аянты 15 чарчы метрден кем эмес, башка калктуу конуштарда аянты 6 чарчы метрден кем эмес башка дүкөндөр жана коомдук тамактануу объекттери;
– дарыканалар, аянтына карабастан;
– калкка кызмат көрсөтүүчү башка объекттер.
Мониторинг жүргүзүү жөнүндө чечим мониторинг жүргүзүлүп жаткан субъекттин жетекчисине же өкүлүнө аны жүргүзүү башталганга чейин кол койдуруу менен тапшырылат.
Мониторинг кварталына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.
4. Мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү (мезгили) 5 (беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
5. Мониторинг бир эле учурда кеминде 2 (эки) кызматкер тарабынан жүргүзүлөт.
Штаттык саны 3 (үч) кызматкерден ашпаган аймактык түзүмдөрдө мониторинг 1 (бир) кызматкер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Мониторинг процесси фото - жана видео - байкоо жүргүзүүнүн техникалык каражаттарын (фотоаппараттар, фото-жана/же видеокамералар, байланыштын мобилдик каражаттары, планшеттер жана ушул сыяктуу башка түзүлүштөр) колдонуу жолу менен белгиленет.
7. Мониторинг жүргүзүүдө мониторинг жүргүзүүчү кызматкерлер иш режиминде көрсөтүлгөн жумуш убагында жалпыга жеткиликтүү болуп саналган ишкердик субъектинин аймагына жана/же объекттерине эркин кирүүгө укуктуу. Мониторинг жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаралбашы керек.
Мониторингдин натыйжалары
8. Мониторинг аяктаган күндөн кийинки 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде анын жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин кароосуна мониторингдин натыйжасы түрүндө берилет, ал 3 - тиркемеге ылайык санариптик алып жүрүүчүдө фото-жана видео байкоонун тиркелген жазуулары менен таризделет, ошондой эле кошумча кагаз түрүндө фотобайкоонун жыйынтыктары берилет.
9. Эгерде мониторингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулардын белгилери табылса, аларды кароо ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирсе, анда алар боюнча андан аркы өндүрүш аталган Кодексте каралган тартипте ишке ашырылат. Бул тууралуу маалымат мониторингдин натыйжасында көрсөтүлөт.
10. Эгерде мониторингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган башка укук бузуулардын белгилери табылса, аларды кароо башка ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирсе, алар да мониторингдин натыйжасында белгиленет жана бул тууралуу маалымат ведомстволук тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет. Бул тууралуу маалымат мониторингдин натыйжасында көрсөтүлөт жана мониторинг бул бөлүктө аяктады деп эсептелет.
11. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
– субъекттин ишинде эреже бузуулар аныкталбаган мониторингдин жыйынтыктарын эске алуу;
– керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар табылган учурда субъектке аларды жоюу боюнча 4-тиркемеге ылайык эскертүү берилет;
– ушул Тартиптин 14-пунктунда каралган учурларда 5-тиркемеге ылайык аныкталган тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат.
12. Ушул Тартиптин 11-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган мониторингдин жыйынтыктары боюнча чечим алар кароого берилгенден кийинки күндөн тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат жана ишкердик субъектине 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде төмөнкү ыкмалардын бири менен тапшырылууга тийиш:
– түздөн-түз;
– тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык почта аркылуу;
– же факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу;
– мындай кабарлоо фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен.
13. Ушул Тартиптин 11-пунктунун төртүнчү абзацында каралган чечим административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте кабыл алынат жана белгиленген тартипте даттануу мүмкүн.
14. Эскертүү берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү өткөндөн кийин кайра мониторинг жүргүзүлөт. Кайра мониторинг жүргүзүү ушул Тартиптин 3-11-пункттарында каралган тартипте жүргүзүлөт. Бузуулар кайталанып табылган учурда бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат. Жазма буйрук анда көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш.
15. Жазма буйрукту аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылышат.