Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 361
Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында отун маркерин колдонуу тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу автомобилдик отун катары колдонууга арналбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтарды, автомобилдер үчүн спрейлерди жана уайт-спириттерди кошпогондо, ТЭИ ТН 2707101000, 2709001001, 2709001009, 271012110–271012900, 2710191100–2710191500, 2710192500, 27101209000, 3811119000, 3811190000 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, кошумдар жана антидетонаторлор, ТЭИ ТН 2710193100–2710194800, 710201100–2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизелдик отун жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата) отун маркери менен маркаланууга тийиш;
2) 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маркаланбаган отундун калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат;
3) салык төлөөчүлөр маркаланбаган отунду жүгүртүүгө тыюу салууга чейинки мөөнөттө отундун калдыктарын маркалоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы N 499 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 "Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жүгүртүлүшүн эсепке алуу жана контролдоо тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар бул Жободо аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Жободо терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбосо, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде чечмеленет:
1) автомай куюучу станция (мындан ары - АКС) - автотранспорт каражаттарына бензин жана дизелдик күйүүчү май куюучу станция;
2) автомай куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - БАС) - бул чакан системаларды жана тиешелүү жабдууларды колдонуучу, комплексте станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылуучу, анын ичинде фискалдык чек чыгарып берилгенден кийин гана мунайзаттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машинанын ишин синхрондоштурууну камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарына мунай продуктуларын куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу системасы;
3) автомобилдик газ куюучу станциялар - автотранспорт каражаттарына мунай газын (пропан) куюучу станциялар;
4) автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар - автотранспорт каражаттарына жаратылыш газын (метан) куюучу станциялар;
5) газ сактоочу жай - суюлтулган газды кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;
6) темир жолдогу куюучу туюк - мунай продуктуларын темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) цистерналарга түшүрүүчү жер;
7) отунду маркалоо оператору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же мамлекеттик менчик үлүшү бар уюм;
8) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу ТЭИ ТН 271012110 - 271012900, 2710191100 - 2710191500, 2710192500 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар, ТЭИ ТН 2710193100 - 2710194800, 2710201100 - 2710201900 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну жана ТЭИ ТН 2710192900 товардык позициясында классификациялануучу орто дистилляттар (кышкы дизелдик отунга карата);
9) отун маркери - отундун молекулярдык курамына кирүүчү, жуулууга туруктуу молекулярдык маркер, анын бар экендиги шайкештикти баалоо документи бар атайын приборлор менен текшерилет;
10) "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭТТК МС) - салык төлөөчүлөр жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан колдонулуучу Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасы;
11) мунай базасы - мунайды, мунай продуктуларын кабыл алуу, сактоо, транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;
12) мунайды кайра иштетүүчү завод - негизги функциясы мунайды бензинге, авиациялык керосинге, мазутка, дизелдик отунга, майлоочу майларга, майлоочуларга, битумдарга, газдарга, мунайхимиясы үчүн чийки затка кайра иштетүү болуп саналган өнөр жай ишканасы;
13) мунай продуктулары - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана башка методдор менен чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, өзүнүн физика-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МАСТ) жана Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келген продуктулар жана компоненттер;
14) мунай сактоочу жай - мунайды же аны кайра иштетүүдөн алынган продуктулар үчүн резервуар же резервуарлар системасы;
15) мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн кийин алынган көмүр суутектери;
16) мунай скважинасы - мунайды казып алуу үчүн арналган тегерек кесилиштеги тоону иштетүү;
17) продукцияны берүү жөнүндө маалыматтарды белгилөө үчүн жабдуу - программалык камсыздоонун (байланыштыруу блогу) жардамы менен Интернет аркылуу маалыматты берүүчү жабдуу;
18) мунай продуктусунун партиясы - сапаты жөнүндө бир документ (паспорт) менен коштолуучу бир маркадагы мунай продуктусунун саны;
19) сапат паспорту - лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган мунай продуктусунун сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин мунай продуктусунун ошол маркасына ченемдик документте көрсөтүлгөн маанилерине шайкеш келишин белгилөөчү документ;
20) акциздик мунай продуктулары - Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ ТН классификаторуна киргизилген, аларды сатуу акциздер боюнча салык салуу объекти болуп саналган мунай продуктулары;
21) керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;
22) резервуар - суюктуктарды жана газдарды сактоочу стационардык идиш;
23) чийки мунай - салыштырма салмагына карабастан, нормалдуу атмосфералык температурада жана басымда жер астынан суюк абалда алынуучу кандай болбосун көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу жаратылыш газынан пайда болгон суюк көмүр суу тектери;
24) отун таратуучу колонка - автомашиналарга мунай продуктуларын куюучу колонка;
25) ташуу - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды казылып алынган жерден алар сакталуучу жана кайра иштетилүүчү жерге, ошондой эле алар кайра иштетилүүчү жерден керектөөчүгө чейин өткөргүч түтүктөр боюнча транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү бир аралыкта берүү, бөлүштүрүү;
26) өткөргүч түтүк - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды ташуу үчүн багытталган жердин үстүндөгү же астындагы ар кандай диаметрдеги түтүктөр;
27) цистерна - суюктуктарды, суюлтулган газдарды сактоо жана ташуу үчүн жабык курулма (идиш);
28) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (мындан ары - ЭТТК) - товарларды жүгүртүүдө электрондук документ жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча ЭТТК МС аркылуу таризделүүчү документ.
3. Мунайды жана мунай продуктуларын казып алуу, ташып келүү, өндүрүү, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, жүктөп жөнөтүү жана сатуу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Мунайга жана мунай продуктуларына ушул Жобонун таблицасында көрсөтүлгөн товарлар кирет.
Таблица