Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 , 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811, 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 613 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын, анын ичинде мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51, 127-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 613 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды түзүү жана колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Мунайды жана мунай продуктуларын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата техникалык талаптар 3-тиркемеге ылайык.
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын каталогун колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Мунай продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын аймагында отун маркери менен маркаланган бензинге жана дизелдик отунга контролдук пломбаларды колдонуунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабры деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179, 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин:
1) 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай продукттарына (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо), идентификациялоо каражаттары менен маркаланууга тийиш болгон товарларга, ошондой эле ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу, таңгакталган жана таңгакталбаган сырага карата;
2) 2022-жылдын 1-июлунан тартып - Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмекке киргизилген товарларга карата;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) 2027-жылдын 1-январынан тартып - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптик маркалоого тийиш болгон дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 179, 2024-жылдын 23-августундагы № 499, 2025-жылдын 11-январындагы N 7, 2025-жылдын 25-мартындагы № 146 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Субъект төмөнкүдөй деп белгиленсин:
1) товарлардын идентификациялоо коддорун (анын ичинде топтук таңгактарды идентификациялоо коддорун, транспорттук таңгактарды идентификациялоо коддорун) көрсөтпөстөн "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" модулунда документин 2027-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө түзүүгө укуктуу;
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен 3-пункттун 1-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирди.
2) товарларга карата электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын милдеттүү колдонуу мөөнөтү келгенге чейин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз модулунда аталган товарлардын калдыктарын алардын иш жүзүндөгү калдыктарына ылайык келтирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
3) мунайдын жана мунай продуктуларынын калдыктары, жөнөтүлгөн көлөмдөрү, ошондой эле отун таратуучу колонканын эсептөө механизмдеринин көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген учурдан тартып 6 айдын ичинде ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына ай сайын маалыматтарды берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 146, 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811, 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы экономикалык иштин субъекттеринин арасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу боюнча системалуу негизде түшүндүрүү жана маалыматтык иштерди жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: