Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 11-апрели № 277-т
Автобекеттерди жана автостанцияларды натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 60-пунктуна, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп берсин:
1) Каракол шаарынын мэриясына сакталышын жана максаттуу иштешин камсыз кылууну эске алуу менен тиешелүү мүлктүк комплекстери, штаттык саны жана милдеттенмелери менен иштеген жери боюнча автобекеттерди жана автостанцияларды;
2) Чолпон-Ата шаарынын мэриясына "Чолпон-Ата автобекети" мамлекеттик ишканасын;
3) Балыкчы шаарынын мэриясына "Балыкчы автобекети" мамлекеттик ишканасын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын мэрияларына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүп берилүүчү объекттерди мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
3) өткөрүп берилүүчү объекттерди жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жүргүзүү;
4) өткөрүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
5) өткөрүп берилүүчү объекттерди андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
6) ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл шарттарды көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |