Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-августу № 494
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзамдарды системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) ушул Жобонун 24 жана 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке шайкеш келбеген дарек боюнча (географиялык аталышы өзгөргөн учурлардан тышкары) иш жүргүзүү фактысы белгиленген.";
- 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) ушул Жобонун 24, 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу жердин географиялык аталышын (дарегин) өзгөртүүдө;";
- 24-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-глава. Жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишти (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
157. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке лицензия (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
158. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.
159. Жеке медициналык ишке берилген лицензия убактылуу, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.
160. Медициналык ишти жүргүзүүгө лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет. Лицензия изденүүчүнүн арызы боюнча лицензия 5 жылга жетпеген мөөнөткө берилиши мүмкүн.
161. Жеке медициналык ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) арызда көрсөтүлгөн медициналык иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);
2) пациенттер жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык аппаратуранын жана жабдуулардын коопсуздук ченемдерине шайкештигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (метрологиялык корутунду, текшерүү актылары, режимдик комиссиянын актысы);
3) арызда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу турак эмес кыймылсыз мүлктүн (жайлардын/ кабинеттердин) санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, эрежелерге жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документ (санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы);
4) медициналык калдыктарды утилдештирүү келишими (зарылдыгына жараша);
5) медициналык иштин түрлөрүн сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылган квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастоочу документтер (медициналык билими жөнүндө диплом, интернатураны/ординатураны аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, берилген адистик боюнча жарактуу квалификациялык же аттестациялык сертификат, эмгек китепчеси).
162. Жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы лицензиялык талаптар жана шарттар:
1) төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл:
- лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык жайлардын;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык минималдуу талаптар боюнча лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, метрологиялык ченемдерге жана техникалык коопсуздук ченемдерине ылайык келген медициналык жабдуулардын, аппаратуралардын;
2) медициналык ишти төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө сакталган учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык так жүзөгө ашыруу:
- колдонуудагы клиникалык протоколдорго, саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын актыларына ылайык сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген үлгүлөр жана формалар боюнча баштапкы медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсепке алуу-отчеттук медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен жыл сайын статистикалык отчеттуулуктун формасына ылайык иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө отчет берүү;
- адистерди алмаштырууда - лицензиарга 30 календардык күндүн ичинде маалымат берүү;
- жумушка кабыл алынган медициналык кызматкерлерге бир эле учурда экиден ашык эмес медициналык мекемелерде иштөөгө уруксат берилет;
- медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.
163. Лицензиат жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда ушул Жобонун 161-пунктунда каралган талантардан жана шарттардан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) медициналык жардам көрсөтүүдө оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү максатында калкка медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алууга багытталган колдонулуучу медициналык процедуралардын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык жабдууларды, шаймандарды дезинфекциялоонун жана стерилизациялоонун коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого;
2) медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүү, чогултуу, таңгактоо, маркалоо, эсепке алуу, сактоо, ташуу, жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу, көмүү боюнча талаптарды сактоого;
3) дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонууга;
4) консультациялык-методикалык жардам алуу үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн адистерди чакыруу учурунда билим берүү документтерин милдеттүү нострификациялоодон алдын ала өтүүгө.";
- 165, 166-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165. Фармацевттик ишке берилген лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.
166. Фармацевттик иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) дары каражаттарын өндүрүү;
2) медициналык буюмдарды өндүрүү;
3) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүң сатуу (дистрибьюция);
4) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып киргизүү (импорттоо);
5) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды чекене сатуу;
6) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды даярдоо;
7) саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды сактоо жана берүү.
Бир обочолонгон имаратта фармацевттик иштин бир нече объекттери ачылган учурда администрациялык-тиричилик жайлары жалпы болушу мүмкүн.";
- 167-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 168-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) арызда көрсөтүлгөн фармацевттик иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);";
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 169-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.";
- 173-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жогорку фармацевттик же медициналык билими бар, медициналык буюмдарды сактоо бөлүгүндө кошумча кесиптик билим алган адистин болушу;";
- 174-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) алыскы калктуу конуштарда даяр дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын дарыканасынын аянты - 20 кв.м кем эмес;";
- 175-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) медициналык буюмдарды, оптиканы сатуу дүкөнүнүн пунктунун аянты - 20 кв.м кем эмес. Медициналык буюмдарды сатуу дүкөнүнүн, оптика дүкөнүнүн пункту медициналык буюмдар дүкөнүнүн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өз алдынча иштей албайт.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтом күчүнө киргенге чейин берилген жана мөөнөтсүз статусуна ээ болгон лицензиялар өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат жана алар берилген учурга карата белгиленген шарттарда колдонулат;
2) аталган лицензиялар, Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, ушул токтомдун күчүнө киришине жана аларга карата жаңы талаптар колдонулгандыгына байланыштуу кайра таризделүүгө жатпайт.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.