Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 495
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567, 2019-жылдын 27-августундагы № 429, 2019-жылдын 27-августундагы № 430, 2021-жылдын 22-февралындагы № 57, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 179, 2022-жылдын 7-февралындагы № 52, 2022-жылдын 11-мартындагы № 121, 2022-жылдын 22-мартындагы № 151, 2022-жылдын 12-августундагы № 455, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 491, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 636, 2023-жылдын 28-августундагы № 439, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 619, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 667, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 736, 2024-жылдын 10-майындагы № 230, 2024-жылдын 24-июнундагы № 333, 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 , 2024-жылдын 5-августундагы № 456 ,2024-жылдын 13-сентябрындагы № 561, 2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 , 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 797 , 2025-жылдын 25-февралындагы № 87, 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 13-февралындагы № 101, 2026-жылдын 13-мартындагы № 176, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 324 , 2026-жылдын 11-июнундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мекемелеринин иштерин тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттары бекитилсин:
республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын, 1-тиркемеге ылайык;
республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык музейлердин, 2-тиркемеге ылайык;
клубдук мекемелердин, 3-тиркемеге ылайык;
А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин, филармониялардын жана А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин, 4-тиркемеге ылайык;
драмалык жана музыкалык-драмалык театрлардын, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жана куурчак театрынын, 5-тиркемеге ылайык;
"Кыргыз улуттук "Манас" театры" мамлекеттик мекемесинин, 51-тиркемеге ылайык;";
"Ынтымак" коомдук региондук телерадиокомпаниясынын, 6-тиркемеге ылайык;
«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн 7-тиркемеге ылайык;
маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин жана уюмдарынын борбордоштурулган бухгалтерияларынын, 8-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин "Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы" мамлекеттик мекемесинин, 9-тиркемеге ылайык;
"Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин, 91-тиркемеге ылайык;
Республикалык мамлекеттик фильм фондусунун жана Чыңгыз Айтматов атындагы республикалык Кино үйүнүн дирекциясынын, 10-тиркемеге ылайык;
облустук, райондук жана шаардык кинодирекциялардын, 11-тиркемеге ылайык;