Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 684
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 «Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 «Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– туруктуу жашаган жеринен сырткары жашагандыгына байланышкан чыгымдар (суткалык чыгымдар) – бул кызматкердин иш сапардагы жеке чыгымдарын (тиричилик муктаждыктарына, тамактанууга жана иш сапарда болгон жердин чегинде жол киреге чыгымдары) жабуучу төлөмдөр.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев