Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-декабры № 1142-т
Жер ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Манас шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Манас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 11 жана 2025-жылдын 11-августундагы № 5 токтомдорун көңүлгө алып:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөнкү жер тилкелерин жана турак эмес жайларды өткөрүп берсин:
1) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Ю.Абдурахманов көчөсү, 8а дарегинде жайгашкан, аянты 848 кв.м, идентификациялык коду 3-10-01-0017-1509 жер тилкесин;
2) Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Строителдер көчөсү, н/ж дарегинде жайгашкан, аянты 31977,8 кв.м, идентификациялык коду 3-10-02-0024-2461 жер тилкесин, тиешелүү турак эмес жайлары менен.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэриясы белгиленген тартипте:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин жана турак эмес жайларды муниципалдык менчикке кабыл алсын жана аларды мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) жер тилкелерин жана турак эмес жайларды так максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылсын;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерди жеке менчикке, анын ичинде сатуу, тартуу кылуу, алмашуу же муниципалдык менчиктин жоголушуна алып келүүчү башка тескөө аркылуу ээликтен ажыратууга жол бербөө.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |