Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-январы № 05/2-17/23
Суу берүү келишиминин формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 41-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 13-пунктунун 32-пунктчасына ылайык, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө” Жобонун 14-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Суу берүү келишиминин формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрликтин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а., министрдин биринчи орун басары |
|
Ж.К. Керималиев |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары,
айыл чарба жана кайра иштетүү
өнөр жайы министрлигинин
2026-жылдын 30-январындагы
№ 05-2/17/23 буйругуна
тиркеме
формасы
Суу берүү КЕЛИШИМИ №___
_____________а/ш. «____» ____________20___-ж.
Бир тараптан мындан ары «Буюртмачы» деп аталып жана __________________________ негизинде аракеттенүүчү
Суу пайдалануучу __________________________________________________
(жеке же юридикалык жактын аталышы жана дареги)
атынан____________________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
экинчи тараптан мындан ары “Суу берүүчү” деп аталып, суу берүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик суу чарба уюму (ишкана)
____________________________________________________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы) атынан
__________________________________________________________________
(кызмат орду)
__________________________________________________________________
(Ф.А.А.)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү: