Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 203-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Талас шаарынын социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 75/10-9 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте Талас шаары, Рыскулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 12 534,0 кв. м жер тилкесин (идентификациялык коду 6-05-04-0010-0479) андагы турак эмес жайлары (мындан ары – объекттер) менен белгиленген тартипте Талас шаарынын мэриясына өткөрүп берсин.
2. Талас шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө;
3) объекттерди андан ары ээликтен ажыратпоо жана аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
4) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик объектти белгиленген тартипте кайра каттоону жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер муниципалдык менчикке өткөрүлгөндөн кийин өткөрүп берүүчү тарап (баланс кармоочу) тарабынан белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри» ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасына өзгөртүүлөрдүн киргизилишин контролдоону жүргүзсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |