Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 23-марты № 187-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) 1-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Талды-Булак алтын жана жез кенин иштетүү;
2) 2-тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Талды-Булак аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому ушул тескеменин 1-2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн участокторду өздөштүрүү башталганга чейин "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Талды-Булак алтын жана жез кенин иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттердин № | X | Ү |
1 | 13316010 | 4714825 |
2 | 13315780 | 4715950 |
3 | 13316750 | 4716325 |
4 | 13317295 | 4715790 |
5 | 13317340 | 4715120 |
6 | 13316820 | 4714790 |
Аянты 178,6 га | ||
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Талды-Булак аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттердин № | X | Ү |
1 | 13315005 | 4713055 |
2 | 13314990 | 4719000 |
3 | 13319575 | 4718906 |
4 | 13320000 | 4716000 |
5 | 13321815 | 4715870 |
6 | 13321840 | 4712790 |
Аянты 3315,4 га | ||