Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 26-марты № 198-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинин 3-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер менен Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин № 1 руда ичиндеги алтынды жана жезди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна берилсин.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн участокту өздөштүрүү башталганга чейин "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин № 1 руда ичиндеги алтынды жана жезди иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары | ||
Чекиттердин № | X | Y |
1 | 13333000 | 4711000 |
2 | 13335000 | 4711000 |
3 | 13335000 | 4709000 |
4 | 13333000 | 4709000 |
Аянты 400 га | ||