Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июну № 412-т
«Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 126 «Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуу тартибинин 2, 3, 5-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 14-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин району, Самойленко көчөсү, № 38 үй дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду: 1-01-14-0060-2833, жалпы аянты 1 302,0 кв. м жер тилкесинде жайгашкан жалпы аянты 619,1 кв. м турак үй түрүндөгү бүтө элек курулуш объектинин рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлк объектин уставдык капиталга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы катары киргизүү жолу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектинин бааланган наркынын суммасына көбөйтүүнү жүзөгө ашырсын;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) акциялардын кошумча чыгарылышын жүзөгө ашыруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги үчүн жабык жайгаштырууну камсыз кылуу;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрүү.
4. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектине карата укуктун өтүшүн каттоону жүргүзсүн.
5. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескемеден келип чыгуучу бардык зарыл чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |