Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 5-августундагы
№ 75 токтомуна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1.1. Ар бир аймактык шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлү (мындан ары – атайын өкүл) кызмат орду тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердигин координациялоо, уюштуруу-методикалык жана материалдык-техникалык камсыздоо, ошондой эле шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жүргүзүү, жаңылоо жана тактоо максатында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык негизделет.
1.2. Атайын өкүл мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде тийиштүү шайлоо округдарында иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларына мурда дайындалгандардын ичинен бир атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чечими менен тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына бекитилет.
1.3. Атайын өкүл кызмат ордуна кеминде 21 жаштагы, жогорку билими жана жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
1.4. Атайын өкүл өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
1.5. Атайын өкүл өз ишмердигинде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына, төраганын орун басарларына, аппарат жетекчисине жана шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысына отчёт берет.
II. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери
2.1. Төмөнкүлөр атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп саналат:
1) тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердигин координациялоо;
2) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жүргүзүү, жаңылоо жана тактоо боюнча тутумдук администратордун ишмердигин координациялоо;