Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 28-августундагы № 05/2-17/256
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21 -пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде (мындан ары – Министрлик) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 339-ни “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча, ошондой эле коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги менен байланышкан учурларды жана кырдаалдарды минималдаштыруу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
4. Репутацияны башкаруу бөлүмү бул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитинде жана Министрликтин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын.
5. Министрликтин чечимдерди аткарууну контролдоо башкармалыгы:
- бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө эки нускадагы көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
6. Министрликтин чечимдерди аткарууну контролдоо башкармалыгынын канцелярия жана лингвистика бөлүмү ушул буйрук менен Министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу тааныштырсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Министрдин биринчи орун басары – Илич Марсбек уулуна жүктөлсүн.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-министр | Э.А. Акунбеков |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары-Министрлик) тутумунда
коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
№ | Функция ( мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары) | Коррупциялык тобокелдиктер болушу ыктымал учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдик категориясы | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы | Коррупция коркунучу бар кызматтар | Башка мамлекеттик органдарда коррупциянын келип чыгуу ыктымалдыгы |
| ||||||||||||||||
Министрликтин борбордук аппараты |
| |||||||||||||||||||||||
Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө |
| |||||||||||||||||||||||
1 | Тармактагы ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик ишканалардын ишин координациялоо жана контролдоо | Ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин баалоодо жана акыркы тыянактарды даярдоодо координациялоонун жана контролдоонун жетишсиздиги иштин натыйжаларын объективдүү эмес баалоого, аныкталган укук бузууларды толук чагылдырбоого, далилсиз тыянактарды даярдоого жана айрым уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Өсүмдүк өстүрүү, жана багбанчылык башкармалыгы
| Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу |
| |||||||||||||||||||||||
2 | Өсүмдүк өстүрүү, үрөн өндүрүү жана багбанчылык жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттик программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актылардын жана мамлекеттик программалардын долбоорлорун даярдоо, макулдашуу жана кароо тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы, ошондой эле кеңири эркиндикке жол берген ченемдердин болушу жеке адамдарга жана уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берген чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы
| Башкармалыктын башчысы, өсүмдүк өстүрүү бөлүмүнүн башчысы, башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
3 | Үрөн өндүрүүгө, көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузууга жана кооперацияны өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоону (субсидияларды) бөлүштүрүү | Арыздарды кабыл алуу жана кароо тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы, мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тандоонун ачык-айкын критерийлеринин жана чечимдерди кабыл алууга бирдиктүү мамиленин жоктугу арыздарды бир жактуу кароого, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге негизсиз артыкчылыктарды берүүгө жана субсидияларды берүү боюнча негизсиз чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы, мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
4 | Үрөн азыктарынын ички бааларына мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик ресурстар үчүн азык-түлүк данын сатып алуу | Ички бааларга мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик ресурстар үчүн азык-түлүк данын сатып алуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы, маалыматты текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн бирдиктүү талаптардын жоктугу ишенимсиз маалыматтарды колдонууга, сатып алуу бааларын бир жактуу аныктоого жана айрым жеткирүүчүлөргө негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт . | Потенциалдуу | Жогорку | Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы | Бөлүм башчы, башкы/жетекчи адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
5 | Илимий-изилдөөчүлүк иштерге мамлекеттик тапшырык менен сатып алуулар боюнча жыйынды сунуштарды түзүү | Илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик заказдарды түзүү тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы, подрядчыларды тандоонун ачык-айкын критерийлеринин жана жумуштун наркынын негиздүүлүгүн контролдоонун жоктугу мамлекеттик заказдарды объективдүү эмес бөлүштүрүүгө, негизсиз чечимдерди кабыл алууга жана айрым илимий уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы. | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
6 | Ведомствого караштуу уюмдардагы жетекчилик кызматтарга талапкерлерди бекитүүгө жана персоналды башкаруу жол-жоболоруна катышуу | Ведомстволук уюмдардагы жетекчилик кызматтарга талапкерлерди бекитүү, алардын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо жана кадрдык чечимдерди даярдоо жол-жоболорунун жетишсиз жөнгө салынышы, ошондой эле бирдиктүү баалоо критерийлеринин жоктугу талапкерлерди бир жактуу кароого, айрым талапкерлерге далилсиз артыкчылыктарды берүүгө жана негизсиз кадрдык чечимдерди кабыл алууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө |
| |||||||||||||||||||||||
7 | Мал чарбасы жана асыл тукум чарбасы жаатындагы ведомстволук түзүмдөрдүн ишин контролдоо | Мал чарба жана асыл тукум чарба жаатындагы ведомстволук түзүмдөрдүн ишин баалоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу мониторингдин жыйынтыктарына негизделген бир жактуу тыянактарга жана четтөөлөр аныкталганда чара көрбөөгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүмдөрдүн башчылары (түздөн-түз жетекчилик кылган аймактар), тескөөчү топтордун мүчөлөрү. | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
8 | Ветеринардык алдын алуу чаралары (эмдөө ж.б.) боюнча отчетторду алуу | Алдын алуучу ветеринардык иш-чаралардын аткарылышы боюнча отчетторду кабыл алууга тиешелүү ички контролдун жоктугу аткарылган иштин жумуштун чыныгы көлөмүнө шайкештигин текшербестен отчетторду кабыл алууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкы адис, жетектөөчү адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу |
| |||||||||||||||||||||||
9 | Мал чарбасына квоталарды бөлүштүрүү жана артыкчылыктуу породаларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдоо | Мал чарбасына квоталарды бөлүштүрүү жана артыкчылыктуу породаларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, асылдандыруу боюнча башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
10 | Асыл тукум заводу (фермасы) статусун ыйгаруу үчүн материалдарды даярдоо жана текшерүү | Асыл тукум заводу, чарбасы же ишканасы статусун ыйгаруу үчүн текшерүү тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы чарба жүргүзүүчү субъекттин белгиленген талаптарга шайкештигин объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, башкы/жетекчи адис, тескөө комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
11 | Мамлекеттик колдоо чаралары боюнча маалыматтык- консультациялык колдоо жана маалыматка жеткиликтүүлүк | Арыз ээлерине берилүүчү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө маалыматтын алкагын жана көлөмүн аныктоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу чарба жүргүзүүчү субъекттерге мындай маалыматка жеткиликтүүлүк бирдей эмес болушуна шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкы/жетекчи адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
12 | Мамлекеттик каражаттардын эсебинен аукциондорду, көргөзмөлөрдү жана соода жарманкелерин уюштуруу | Мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен аукциондорду, көргөзмөлөрдү, соода жарманкелерин уюштурууда тиешелүү ички контролдун жоктугу бөлүнгөн каражаттарды негизсиз коротууга жана иш-чаралардын айрым катышуучуларына артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Мал чарбасы жана ветеринария башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, иш-чараларды уюштурууга жооптуу кызматкер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн.. |
| ||||||||||||||||
Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү Кайра иштетүү өнөр жайы жана органика бөлүмү |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: уруксат берүү жол-жоболору |
| |||||||||||||||||||||||
13 | Тарифтик жеңилдиктер менен азык-түлүк товарларын импорттоо/экспорттоо үчүн тарифтик квоталарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды даярдоо | Тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен азык-түлүк товарларын импорттоо жана экспорттоо үчүн тарифтик квоталарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды даярдоонун бирдиктүү критерийлеринин жоктугу тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым катышуучуларына негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы
| Башкармалыктын башчысы, азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы, башкы адис (комиссиянын катчысы/квоталар боюнча жооптуу адам). | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
14 | Айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн импорттоо/экспорттоо боюнча эксперттик корутундуларды жана бажы жеңилдиктери менен импорттолгон товарлардын максаттуу колдонулушу боюнча эксперттик корутундуларды берүү | Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн импорттоо жана экспорттоо боюнча арыздарды кароо жана эксперттик корутундуларды берүү тартибинин, ошондой эле бажы жеңилдиги менен импорттолгон товарларды максаттуу пайдалануу боюнча корутундулардын жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы берилген маалыматты объективдүү эмес баалоо үчүн шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы
| Бөлүм башчы, жетектөөчү адис, эксперт | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
15 | “Азык-түлүк коопсуздугу атласы” маалымат тутумун ишке ашыруу жана социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү | Социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү жана “Азык-түлүк коопсуздугу атласы” маалымат тутумуна маалымат киргизүү үчүн бирдиктүү критерийлердин жоктугу маалыматтардын толук эмес же бурмаланган түрдө берилишине шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы
| Бөлүм башчы, башкы адис аналитик | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
16 | Инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу (долбоорлорду ишке ашыруу жана МЖӨ сектору) | Инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун тандоонун жана ишке ашыруунун жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы долбоорлордун натыйжалуулугун объективдүү эмес баалоого жана айрым демилгечилерге артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы
| Сектор башчысы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
17 | Донордук каражаттар менен ишке ашырылган инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүү | Донордук каражаттардын эсебинен ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү критерийлеринин жоктугу аларды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалыматты толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү башкармалыгы
| Сектор башчысы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгы Эл аралык кызматташтык жана инвестиция бөлүмү Эскпорт жана интеграция бөлүмү |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу |
| |||||||||||||||||||||||
18 | Бажы-тарифтик, тарифтик эмес чаралардын жана мамлекеттик колдоо чараларынын эл аралык милдеттенмелерге шайкештигиги (ЕАЭБ, ДСУ) боюнча УЧА долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү | Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес чаралар боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлордун эл аралык милдеттенмелерге шайкештигине экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү критерийлеринин жоктугу мындай шайкештик боюнча объективдүү эмес тыянак чыгарууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгы | Экспорт жана интеграция бөлүмүнүн башчысы, эксперт | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
19 | Гранттарды, техникалык жардамды жана инвестицияларды тартуу жана координациялоо, эл аралык долбоорлорду координациялоо | Гранттарды жана техникалык жардамдарды тартуу тартибинин, ошондой эле эл аралык долбоорлорду координациялоонун жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы аларды ишке ашыруунун шарттары жана натыйжалары жөнүндө маалыматты толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
20 | Экспортко жана экспорттук продукцияларга берилген тарифтик артыкчылыктарга мониторинг жүргүзүү | Экспортко мониторинг жүргүзүүдө жана экспорттолгон продукцияларга тарифтик жеңилдиктерди берүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу айрым экспорттоочуларга негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгы | Башкы/жетекчи адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
21 | Мамлекеттер аралык келишимдерди даярдоо жана кызматташуу келишимдерин түзүү | Мамлекеттер аралык келишимдердин жана кызматташтык келишимдеринин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы айрым тараптарга негизсиз артыкчылыктарды берген жоболорду киргизүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы Жер ресурстары бөлүмү Ующтуруу иштери жана координация бөлүмү |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө |
| |||||||||||||||||||||||
22 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖФ) жерди пайдалануусуна мониторинг жүргүзүү жана райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын (РАӨБ) ишмердүүлүгүн баалоо | Мамлекеттик айыл чарба жерлери фондунун жерди пайдалануусуна мониторинг жүргүзүү жана райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын ишин баалоо боюнча бирдиктүү критерийлердин жоктугу мониторингдин жыйынтыктарына негизделген бир жактуу тыянактарды түзүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы, башкы/жетекчи адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу |
| |||||||||||||||||||||||
23 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖФ) жерди башкаруу механизмдерин жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | Айыл чарба жерлери мамлекеттик фондунун жерди башкаруу механизмдерин иштеп чыгуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна айрым жер пайдалануучулар үчүн негизсиз артыкчылыктарды берген жоболорду киргизүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, жер ресурстары бөлүмүнүн башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
24 | Жарандардын жана юридикалык жактардын РАӨБдүн ишмердүүлүгү боюнча кайрылууларын жана даттанууларын кароо; жерди пайдалануу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана РАӨБгө көмөк көрсөтүү | Райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын жана даттанууларын кароонун бирдиктүү критерийлеринин жоктугу кайрылууларды бир жактуу кароого жана жооп берүү мөөнөтүнүн кечиктирүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы, кайрылуулар боюнча адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
25 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖФ) жерди пайдалануу боюнча маалыматтык колдоо жана маалыматтар менен иштөө | Мамлекеттик айыл чарба жерлери фонду тарабынан жерди пайдалануу жөнүндө маалымат берүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу кызыкдар тараптардын мындай маалыматка бирдей жетүүсүнө бөгөт коет. | Потенциалдуу | Орточо | Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы | Бөлүм башчы, башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
26 | РАӨБ аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана гранттык жардамдарды тартуу | Инвестициялык долбоорлорду тандоо жана райондук айыл чарба өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу гранттык жардамдарды тартуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы мындай долбоорлорду объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы |
| |||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу |
| |||||||||||||||||||||||
27 | Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн коюмдарын аныктоо жана сууну пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү жөнгө салуу | Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн коюмдарын аныктоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу айрым субъекттер тарабынан сууну пайдалангандык үчүн төлөмдөрдү негизсиз төмөндөтүүгө же ашыкча баалоого шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, суу саясаты бөлүмүнүн башчысы, башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
28 | Мамлекеттик суу кадастрын жана мөңгү кадастрын жүргүзүү; суу ресурстарын комплекстүү пайдалануу пландарын иштеп чыгуу | Мамлекеттик суу кадастрын жана мөңгү кадастрын жүргүзүүдө тиешелүү ички контролдун жоктугу бул кадастрдагы маалыматты толук эмес же так эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы | Суу кадастры боюнча адис, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү |
| |||||||||||||||||||||||
29 | Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын функциялары; мамлекеттик органдардан жана жеке/юридикалык жактардан маалыматтарды суроо | Суу жана жер ресурстары боюнча Улуттук кеңештин жыйындарынын күн тартибин жана материалдарын түзүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн күн тартибине маселелерди тандап киргизүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар |
| |||||||||||||||||||||||
30 | Ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартуу | Ирригациялык жана мелиорациялык инфраструктураны өнүктүрүүдө инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча долбоорлорду тандоо жол-жобосунун жетишсиз жөнгө салынышы мындай долбоорлорду объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. |
| ||||||||||||||||
Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгы Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
31 | Жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча кырдаалдык маалымкаттарды, аналитикалык жазууларды жана тобокелдик карталарын даярдоо | Кырдаалдык маалыматтарды, аналитикалык жазууларды жана тобокелдик карталарын даярдоо үчүн бирдиктүү критерийлердин жоктугу даярдалып жаткан материалдарда маалыматты толук эмес же бир жактуу чагылдырууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Кыска | Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгы, илим сектору | Башкармалыктын башчысы, бөлүмдүн адиси | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
32 | Министрликтин илим жана илимий-изилдөө иштери боюнча илимий-изилдөө институттарынын өз ара аракеттенүүсүн жана ишмердүүлүгүн координациялоо | Министрликтин илимий-изилдөө институттарынын ишмердүүлүгүн координациялоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу институттардын ортосунда изилдөө темаларын жана финансылоону объективдүү эмес бөлүштүрүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Кырдаалды талдоо жана изилдөө башкармалыгынын илим сектору | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
33 | Министрликтин маалымат тутумунун иштешин, техникалык тейлөөсүн жана өнүгүшүн камсыз кылган мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү | Министрликтин маалымат тутумдарын иштетүү, техникалык тейлөө жана өнүктүрүүгө байланыштуу милдеттердин артыкчылыгын аныктоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу мындай иштердин айрым аткаруучуларына негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү, Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
34 | Министрликтин маалымат тутумдарын түзүү, модернизациялоо, интеграциялоо жана тейлөө боюнча техникалык шарт иштеп чыгууну жана бекитүүнү, ошондой эле санариптештирүү саясатын ишке ашырууну координациялоо. | Министрликтин маалымат тутумдарын түзүү, модернизациялоо, интеграциялоо жана тейлөө боюнча техникалык мүнөздөмөлөрдү координациялоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу жеке подрядчылар үчүн артыкчылыктарды берген талаптарды киргизүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
35 | Министрликтин мамлекеттик кызматтары үчүн стандарттарды жана административдик жоболорду иштеп чыгууну, шайкеш келтирүүнү жана жаңыртууну координациялоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө, ошондой эле ачык маалыматтарды жайгаштырууну координациялоо. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин иштеп чыгуу, координациялоо жана жаңыртуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы ашыкча талаптарды киргизүүгө жана аларды кайра карап чыгууда негизсиз кечиктирүүлөргө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Жогорку | Кырдаалдык аналитика жана изилдөө башкармалыгы | Бөлүм башчы, башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Министрликтин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы Контролдоо жана мониторинг бөлүмү Канцелярия жана лингвистика бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө | ||||||||||||||||||||||||
36 | Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан мыйзамдардын, актылардын жана көрсөтмөлөрдүн аткарылышын системалуу түрдө көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү | Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр тарабынан мыйзамдардын, актылардын жана көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу аткаруу тартибин тандамал баалоо үчүн шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, контролдоо бөлүмүнүн башчысы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
37 | Борбордук аппаратта жана ведомствого караштуу уюмдарда кызматтык иликтөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү | Кызматтык иликтөөлөрдүн жана текшерүүлөрдүн объекттерин тандоо тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы, аларды ишке ашырууда бирдиктүү критерийлердин жана мөөнөттөрүнүн жоктугу аларды дайындоодо тандамал мамилеге, ошондой эле текшерүүлөрдүн негизсиз кечиктирилишине же токтотулушуна шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы, кызматтык иликтөө комиссияларынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
38 | Жарандардын кайрылууларын жана парламенттик суроо-талаптарды кароо; иш кагаздарын жүргүзүү жана мөөнөттөрдү контролдоо | Жарандардын кайрылууларын жана депутаттык суроо-талаптарды кароодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу аларды кароонун убактысына жана тартибине тандамал мамиле кылууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгы | Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, канцелярия адистери | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
39 | Тартиптик жаза чаралары, кызматтан четтетүү же бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү | Тартиптик жоопкерчилик, кызматтан четтетүү же бошотуу боюнча сунуштарды киргизүү негиздеринин жетишсиз жөнгө салынышы бул чараны тандап колдонууга жана жеке адамдарды жоопкерчиликтен негизсиз бошотууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Чечимдердин аткарылышын контролдоо башкармалыгы | Башкармалыктын башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгы Чечимдерди даярдоо бөлүмү Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: жөнгө салуу | ||||||||||||||||||||||||
40 | Министрликтин мыйзамдарынын, жоболорунун жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу | Министрликтин мыйзамдарынын, токтомдорунун жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы айрым адамдар үчүн негизсиз артыкчылыктарды берген ченемдерди киргизүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгы
| Башкармалыктын башчысы, Чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы, юридикалык кеңешчи | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
41 | Бөлүмдөр тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын жана башка актылардын долбоорлорунун юридикалык экспертизасы | Ведомстволор тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жана башка актыларга укуктук экспертиза жүргүзүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу экспертизанын жыйынтыктары боюнча бир жактуу тыянак чыгарууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгы
| Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, эксперт-юрист | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
42 | Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жөнөтүү; министрликтин буйруктарын даярдоо; ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча апелляцияларды кароо | Ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик каттоого тапшырууда бирдиктүү критерийлердин жана мөөнөттөрүнүн жоктугу айрым актыларга карата бул жол-жобону негизсиз кечеңдетүүгө же тездетүүгө шарт түзөт. | Потенциалдуу | Кыска | Чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгы | Бөлүм башчы, адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
43 | Министрликтин мүлктүк укуктарын укуктук жактан коргоо; келишимдерди жана контракттарды иштеп чыгууга катышуу | Соттук жана сотко чейинки талаш-тартыштарда Министрликтин кызыкчылыктарын коргоодо, ошондой эле келишимдерди жана контракттарды даярдоодо ички контролдун жетишсиз деңгээлде болушу Министрликтин мүлктүк укуктарынын тиешелүү түрдө корголбошуна жана келишимдерге Министрликке жагымсыз шарттардын киргизилишине алып келет. | Потенциалдуу | Жогорку | Чечимдерди даярдоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгы | Бөлүм башчы, юридикалык кеңешчи. | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы Бухгалтердик эсеп бөлүмү Мамлекеттик сатып алуулар сектору | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
44 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана ишке ашыруу (Мамлекеттик сатып алуулар сектору) | Муктаждыктарды аныктоодо, техникалык тапшырмаларды иштеп чыгууда, сатып алуу ыкмаларын тандоодо, тендердик сунуштарды баалоодо, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда бирдиктүү критерийлердин жоктугу техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу учурунда атаандаштыкты чектөөгө жана сатып алуулардын айрым катышуучуларына артыкчылыктуу шарт берүүгө мүмкүндүк түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы, тендердик комиссиянын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
45 | Министрликтин бюджетин пландаштыруу жана түзүү, ошондой эле бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчтөрү болгон контролдук цифраларды ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосунда бөлүштүрүү | Бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчтөрү болгон контролдук цифраларды ведомстволук бөлүмдөрдүн ортосунда бөлүштүрүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу бюджетти түзүүдө айрым бөлүмдөргө негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзөт.
| Тутумдук | Орточо | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Бөлүм башчы, башкы адис , жетектөөчү адис, адис. | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
46 | Бюджеттин аткарылышы | Бюджеттин аткарылышына тиешелүү ички контролдун жоктугу бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматты толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
47 | Казыналык аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү | Казыналык аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө тиешелүү ички контролдун жоктугу аларды аткаруу тартибин жана мөөнөттөрүн негизсиз өзгөртүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Орточо | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Төлөм боюнча адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
48 | Эмгек акыны, үстөктөрдү жана дем берүүчү төлөмдөрдү эсептөө; төлөмдөр боюнча ведомостторду жүргүзүү | Үстөктөрдү жана дем берүүчү төлөмдөрдү эсептөөдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу айрым кызматкерлер үчүн алардын өлчөмдөрүн негизсиз көбөйтүүгө шарт түзөт. | Тутумдук | Орточо | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Эмгек акыны эсептөө боюнча башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
49 | Бухгалтердик эсеп, финансылык жана бюджеттик отчетторду даярдоо | Бухгалтердик эсепке алууда, финансылык жана бюджеттик отчетторду даярдоодо тиешелүү ички контролдун жоктугу отчеттордо маалыматты толук эмес же так эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Тутумдук | Орточо | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башчысы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
50 | Дебитордук жана кредитордук карыздарды көзөмөлдөө. | Дебитордук жана кредитордук карыздардын абалына тиешелүү ички контролдун жоктугу анын көлөмү жана түзүмү жөнүндө маалыматты толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Тутумдук | Орточо | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Жетектөөчү адис, башкы бухгалтер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
51 | Негизги каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана эсептен чыгаруу | Негизги каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана эсептен чыгаруу боюнча тиешелүү ички контролдун жоктугу мүлктү негизсиз эсептен чыгарууга жана анын иш жүзүндөгү бар экендиги жөнүндө маалыматты толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Материалдык эсептөөлөр боюнча жетектөөчү адис, инвентаризация комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
52 | Ведомствого караштуу уюмдардын мамлекеттик сатып алуулары жана мамлекеттик заказдары боюнча жыйынды отчетторду түзүү | Мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик заказдар боюнча жыйынды отчетторду түзүүдө тиешелүү ички контролдун жоктугу мындай отчеттордо маалыматты толук эмес же так эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгы | Сектор башчысы, жетектөөчү адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө | ||||||||||||||||||||||||
53 | Коррупцияга каршы стандарттарды сактоону жана киреше жана мүлк жөнүндө декларацияларды өз убагында тапшырууну уюштуруу жагынан колдоо. | Коррупцияга каршы стандарттарды сактоо боюнча ички контролдун жетиштүү деңгээлде жоктугу кызматкерлерге киреше жана мүлк декларацияларын тапшыруу зарылдыгы жөнүндө билдирүү өз убагында жиберилбегендигине жана аларды тапшырууга милдеттүү болгон адамдардын тизмесинин толук эмес болушуна шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчы, коррупцияга каршы күрөшүү стандарттары боюнча адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
54 | Мамлекеттик кызматка сынактарды уюштуруу жана бирдиктүү кадрлар резервин түзүү | Мамлекеттик кызматка сынактарды уюштурууда жана кадр резервин түзүүдө бирдиктүү критерийлердин жоктугу талапкерлерди объективдүү эмес баалоого жана айрымдарына артыкчылыктарды берүүгө алып келет. | Тутумдук | Жогорку | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчы, кадрлар боюнча адистер, сынак комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
55 | Дайындоо, ротация, сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо | Дайындоо, ротация, сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу мындай чечимдерди кабыл алуунун негиздерин объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчы, башкы адис | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
56 | Класстык чиндерди ыйгаруу жана мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү үчүн материалдарды даярдоо, кызматтык күбөлүктөрдү жана кызматтык дипломатиялык паспортторду каттоо. | Класстык чиндерди ыйгаруу, мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүү үчүн материалдарды даярдоонун бирдиктүү критерийлеринин жоктугу наамды же сыйлыкты ыйгаруунун негиздерин объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Система | Жогорку | Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү | Кадрлар бөлүмүнүн башчысы, сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
57 | Бош административдик кызмат ордуна талапкер адамдардын арыздарын кароо.
| Бош административдик кызмат ордуна талапкер болгон жеке адамдардын арыздарын кароодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу алардын белгиленген талаптарга шайкештигин объективдүү эмес баалоого шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Конкурстук комиссия, адам ресурстарын башкаруу бөлүмү. | Сынаккомиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү (чечим кабыл алуу үчүн), кадрлар бөлүмүнүн башчысы (талапкерлерди тандоо жана чыпкалоо үчүн). | Бул тобокелдиктер башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Уюштуруу иштери жана координациялоо бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
58 | Административдик-чарбалык бөлүмдүн жана кабыл алуу бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо; чечимдердин долбоорлорун таратуу | Долбоордук чечимдерди таркатууда бирдиктүү критерийлердин жана мөөнөттөрүнүн жоктугу айрым бөлүмдөрдүн мындай долбоорлор менен таанышуу убактысына тандоо мамиле кылууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Кыска | Уюштуруу иштери жана координациялоо бөлүмү | Бөлүм башчы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Функциянын түрү: башка функциялар | ||||||||||||||||||||||||
59 | Борбордук аппаратты материалдык-техникалык камсыздоо | Борбордук аппаратты материалдык-техникалык жактан камсыздоого болгон муктаждыкты аныктоодо бирдиктүү критерийлердин жоктугу сатылып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын негизсиз жогорулашына шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Уюштуруу иштери жана координациялоо бөлүмү | Бөлүм башчы, логистика боюнча адис, эсептен чыгаруу комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
60 | Материалдык баалуулуктарды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу комиссиясынын иши | Материалдык баалуулуктарды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу комиссиясынын ишине тиешелүү ички контролдун жоктугу кызмат көрсөтүүгө жарамдуу мүлктү негизсиз эсептен чыгарууга шарт түзөт. | Тутумдук | Жогорку | Уюштуруу иштери жана координациялоо бөлүмү | Бөлүм башчы, логистика боюнча адис, эсептен чыгаруу комиссиясынын мүчөлөрү | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
61 | Коллегиянын отурумдарын, аппараттын чогулуштарын жана расмий иш-чараларды уюштуруу | Коллегиянын отурумдарын, аппараттын чогулуштарын жана расмий иш-чараларды уюштуруу тартибинин жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбагандыгы аларды ишке ашырууга жумшалган каражаттарды негизсиз сарптоого шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Уюштуруу иштери жана координациялоо бөлүмү | Бөлүм башчы, иш-чараларды уюштуруу боюнча жооптуу кызматкер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
Репутацияны башкаруу бөлүмү | ||||||||||||||||||||||||
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | ||||||||||||||||||||||||
62 | ЖМК менен өз ара аракеттенүү, маалыматтык материалдарды даярдоо жана таратуу | Министрликтин ишмердүүлүгү боюнча маалыматтык материалдарды тандоодо жана жайылтууда бирдиктүү критерийлердин жоктугу айрым маселелерди тандап же толук эмес чагылдырууга шарт түзөт. | Потенциалдуу | Орточо | Репутацияны башкаруу бөлүмү | Бөлүм башчы, басма сөз катчысы, адистер | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||
63 | Министрликтин расмий веб-сайтын маалыматтык жактан колдоо жана тейлөө (“АгроСмарт” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте) | Министрликтин расмий веб-сайтына маалыматты жайгаштырууда бирдиктүү критерийлердин жоктугу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш болгон маалыматтын өз убагында эмес же толук эмес жайгаштырылышына алып келет. | Потенциалдуу | Орточо | Репутацияны башкаруу бөлүмү | Веб-сайтты колдоо боюнча адис, бөлүм башчы | Ушул сыяктуу тобокелдиктер окшош функцияларды аткарган башка мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да болушу мүмкүн. | |||||||||||||||||