Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 585
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз
Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана
уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү максатында, «Стандартташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
– 3-пунктта «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 12-пункттун 1-пунктчасында:
он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасынын белгисин жана аны колдонуу тартибин белгилөө;»;
жыйырма үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ЕАЭБ/ББ техникалык регламенттерине стандарттардын тизмелерине кирген стандарттарды Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;»;
отузунчу абзацта «чет» деген сөз «башка» деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи – отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«– стандартташтыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
– техникалык комитеттердин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо, алардын эл аралык, мамлекеттер аралык, региондук стандарттарды жана стандартташтыруу боюнча башка документтерди иштеп чыгууга катышуусун уюштуруу;
– стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү берүү;
– стандартташтыруу чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кошумча кесиптик билим берүүнү уюштуруу;»;
– 20-пунктта «Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору» деген сөздөр «Окуу борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– Кыргызстандарттын ведомстволук борборунун жалпы кирешесинен жана аймактык борборлордун рентабелдүүлүк ченемдеринин жана пландуу топтолгон каражаттарынын эсебинен чегерүүлөр.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору өзүнүн чечимдерин жана ички документтерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана
метрология борборунун башкаруу
схемасы