Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 5-августу № П-300
Алкоголдук продукцияны өндүрүүдө чийки заттын жана материалдардын чыгымдарынын ченемдерин түзүү жана этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо тартиптерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 30-пунктунун 6, 7-пунктчаларын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр тарабынан 1 000 декалитр продукцияга чийки заттын жана материалдардын чыгымдарынын ченемдерин түзүү жана жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
– Алкоголдук тармактын ишканалары тарабынан алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүдө этил спиртинин табигый азаюу ченемдерин аныктоо жана бекитүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
2. Акциздик товарлардын жүгүртүлүшүн жана маркалоону башкарууну контролдоо башкармалыгы:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын;
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн эки нускада кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө анын жарыяланган булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
– берилген ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр өз ишин ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып 2 айдын ичинде ушул буйрук менен бекитилген Тартиптердин талаптарына шайкеш келтирүүгө милдеттүү деп белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгынын начальниги А.К. Аманбаевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-августундагы № 59 (3819) саны менен жарыяланды.
Төраганын м.у.а. |
| К.А. Ысабеков |