Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 698
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144 «Уруксат берүүчү документтер жаатындагы жөнгө салуучу гильотина жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 «Кыргыз Республикасында оюн-зоок иштери чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 13-пунктта:
1-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 30-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – юридикалык жак (баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти, брокердик ишти, депозитардык ишти, тооруктарды уюштуруу боюнча ишти жана ломбарддык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды кошпогондо) жана жеке ишкер үчүн же ишкердик ишти жүзөгө ашырууга патенттин көчүрмөсү – жеке жак үчүн (салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жок экендиги (бар экендиги) жөнүндө маалымкатты берүүлөрү зарыл болгон жеке жактар тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ үчүн колдонулуучу маалыматтык система аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү учурларын кошпогондо);»;
– 2951-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2951. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана өмүрдү ыктыярдуу топтоочу камсыздандыруу шарттарын (эрежелерин) берет.»;
– 3001-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3001. Ыктыярдуу жеке камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана ыктыярдуу жеке камсыздандыруу шарттарын (эрежелерин) берет.»;
– 3051-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3051. Мүлктү ыктыярдуу камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу шарттарын (эрежелерин) берет.»;
– 3101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3101. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу шарттарын (эрежелерин) берет.»;
– 3151-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3151. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрүн жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана камсыздандыруунун милдеттүү түрүнүн шарттарын (эрежелерин) берет.»;
– 3201-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3201. Кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөрдү жүзөгө ашырууга лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси колдонуудагы лицензиясы болгон учурда арызды жана камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөрдү камсыздандыруу шарттарын (эрежелерин) берет.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 78 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
Д.Дж. Амангельдиев |