Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 20-октябрындагы № 685 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 12-марты N 145
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө
каттын болжолдуу түрүн бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2006-жылдын 9-февралындагы N 82,
2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 53 жана 127-статьяларына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу боюнча негизги чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы N 480 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө каттын болжолдуу түрү бекитилсин (тиркелет).
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын башчылары, бардык чарбакер субъекттер эмгек мамилелери жагындагы өздөрүнүн практикалык иштеринде эмгек келишиминин жана отпуска жөнүндө каттын болжолдуу түрүн колдонушсун.
3. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек келишиминин жана статуска жөнүндө каттын болжолдуу түрүн практикада колдонуу боюнча зарыл түшүнүктөрдү берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы N 656 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.