Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕНЕШИ ТӨМӨНКҮ АЛАРЧА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫНКЕНЕШИНИН XII СЕССИЯСЫ XXVII ЧАКЫРЫЛЫШЫ
2018-жылдын 12-январы № 12/38
Айыл аймактын башчысы Аалиевдин Э.Н. «2018- жылга айыл кенешинин бюджетин бекитүү жана 2018-2020 жылга, орто- мөөнөттүү пландык прогнозунун проектиси тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 2 беренесинин « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча » №31 пунктунун негизинде:
1.Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетинин 2017- жылдагы кирешеси 33850,81 мин.сом жана чыгашасы 33936,8 мин.сом, атайын эсеп кирешеси боюнча 1995,4мин.сом, чыгашасы боюнча 2424,4 мин.сом боюнча аткаруу отчету бекитилсин;
2. Негизги эсеп боюнча 71,1 мин.сом, атайын эсеп боюнча 116,8мин.сом эркин калдыктары 2018-жылдын 1 январына бекитилсин; 1 тиркеменин негизинде калган сумма бөлүштүрүлсүн;
3. Айыл аймактын бюджетинин 2018- жылдагы пландык прогнозунун киреше жана чыгаша боюнча сунушун бекемдөө:
- бюджет боюнча 27498,2 мин.сом;
- атайын эсеп боюнча 3150,0 мин.сом;
4. Айыл аймактын киреше бюджетинин бөлүгү жана атайын эсебинин планы түшкөн булактардын негизинде куралсын, 2 тиркеменин негизинде;
5. Айыл аймактын 2017- жылдагы финансы булагынын күнүмдүк чыгашалары 3 тиркеменин негизинде бекитилсин;
6. Айыл аймактын 2017- жылдагы финансы булагынын жылдыруудагы күнүмдүк чыгашалары 4 тиркеменин негизинде бекитилсин;
7. Киреше боюнча эсеп маалыматын , айыл аймактын бюджетинин 2018-2020-жылдардагы чыгаша боюнча орто-мөөнөттүү планынын проектисин кабыл алуу;
8. 2018- жылдын бюджетине 20,0 мин.сомду кассанын нагыз айлануусуна бекемделсин;
9.Айыл аймактын бюджеттик мекемелеринин финансы чыгашаларынын каражат өлчөмүн иш-чараларга жана прогаммаларга нагыз Токтомдун негизинде орнотулсун;
10. Айыл аймактын 2018- жылдагы бюджеттик чыгымдары түшкөн кирешенин негизинде каржыланат, ушунун ичинде биринчи оорунда чыгымдардын сметасы коргоо статьясынын негизинде орнотулсун ( айлык акы, Социалдык фондко чыгаруу, тамак-аш, коммуналдык тейлөө);
11. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 109 беренесинин негизинде, « Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин иш жүзүнө ашыруу жөнүндө», 2016-жылдын 16 майындагы № 60, айыл аймактын каржы-экономикалык бөлүмүнө бюджетти өндүрүүнүн аткаруу процесстик укугун берүү менен бирге , бөлүнгөн акча менен чыгымдардын статьясын, жана ошондой эле жалпы чыгымдын негизинде,негизги группанын негизинде, топчо чыгымдар, чыгымдардын корголгон статьясы кыскартылбасын;
12. 2018- жылы штаттык сыраттаманы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппаратарын негизинде, турак жай коммуналдык чарбасынын,айылдык китепкананын, айылдык аймактын Маданий Үйүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 1-мартынын № 131 Токтомунун макулдугунун негизинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын шарттары жана ишин баалоо боюнча», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылындагы 2- октябрынын № 543 Токтомунун негизинде,« Жумушчулардын эмгек акысынын шарттары боюнча, мамлекеттик органдардын тейлөө иштери жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдары» ,2008- жылдын 23 январынын №22 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылынын 5 августундагы № 451 Токтомунун негизинде « Калыптык структурасын жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдарынын» ( штаттык сыраттама тиркелсин) бекитилсин;
13. Турак-жай коммуналдык чарбасынын жумушчуларына жана кызматкерлерине зыяндуу жана оор эмгектери үчүн айлык акысына кошумча 30% кошулуп бекитилсин;
14. Төмөнкү-Аларча орто мектебинин мугалимдеринин комуналдык төлөөмүнө компенсация катары 2000 сомдон каралсын, «Нурдан-Нур» бала бакчасынын тарбиячаларына, айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана турак жай коммуналдык чарбасынын жумушчуларына, Айылдык Маданият Үйүнүн жумушчуларына жана Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын китепканасына каралсын;
15. 2018- жылы айыл аймактын бюджетинин кошумча түшкөн кирешесинин аткаруу процессин ишке ашыруу иштерине багыттоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин коюлган социалдык суроолорун аткаруу, социалдык-экономикалык планын жана өздүк чечимдерин аткаруу;
16. 2018- жылы Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысына жалпы чыгымдан 1% резервный фондко 271,6 мин.сом бекитилсин;
17. 2018-жылы айыл аймактын бюджетинен мунипицалдык кызматкерлерди колдоо максатында , материалдык жардам жана акчалай сыйлоо, 5 айга чейинки айлык өлчөм каралсын;
18. «Нурдан-Нур» балдар бакчасынын тарбиячыларынын тамак ашына, кошумча ар бир балага 18 сомдон, айыл өкмөттүн бюджетинен каралсын;
19. Айыл жолдорун ондоп-түзөө боюнча сметанын негизинде бекитилсин;
20. Жарандарга социалдык жардам көрсөтүүнү ишке ашыруу жана маданий иш-чараларга 1600,0 мин.сом бекитилсин;
21. Өзгөчө кырдалдар ишине 700,0 мин сом бекитилсин;
22. Спорттук иш-чаралардын эл аралык денгээлде мүлк-шаймандарды камсыздоо жана жол акыларынын чыгымдарына 250,0 мин. сом бекитилсин;
23. Айыл аймактын апаратынын баардык кызматкерлерине ай сайын мобильдик байланышка 6мин.сом бирдик жүктөө бекитилсин;
24.Ушул Токтомдун аткарылышына жана ошондой эле Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча көзөмөөлдө жүргүзүү айыл аймактын башчысы Аалиевге Э.Н. жүктөлсүн.
Төраймы | Толкомбаева Р.Дж |