Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июлу № 6
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди бекитүү максатында, ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө“ КР мыйзамынын,КР граждандык Кодексинин негизинде,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши, Муниципалдык менчик обьекттерди башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары –Жобо) КР Жер кодексине, КР Жарандык кодексинде ,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына, ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, КР мыйзамынын жана КР башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган обьекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартиби жана шарттарын белгилеп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги обьекттердин реестри бекитилсин.(реестр тиркелет)
2. Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.(Жобо тиркелет)
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КР ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик ресстрине киргизүү жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К.М. Мурзаматов |
Т.Зулпуев атындагы жергиликтүү кеңешинин
2018-жылдын 18-июлундагы
он үчүнчү сессиясынын
№ 6 токтому менен бекитилген
1. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган объекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижара – муниципалдык менчик объектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал объектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;
аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;
кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;
шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;