Редакцияот 26.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы 7 кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 26-ноябры № 17

Барскоон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтуу жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын

Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын экинчи абзацына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Барскоон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө комиссиясы тууралуу Типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Барскоон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо айыл калкына, мекеме-ишканаларга көчүрмөлөрү таркатылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018- жылдын 17 октябрындагы 01-18 1/26 буйругунун Барскоон айыл кеӊешинде аткарылышы боюнча маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы К.Дөлөтбаковага милдеттендирилсин.

5. Жоопту-катчы К.Дөлөтбаковага бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Барскоон айыл аймагынын комиссиясынын типтүү жобосун Кыргыз Републикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына жайгаштырып, Мамлекеттик юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы тапшырылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Н. Чекиров

Барскоон айылдык кенешинин

27-чакырылышынын 2018-жылдын

“26”ноябрындагы №17

токтому менен бекитилген

Барскоон айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча

комиссиялары тууралуу

ТИПТҮҮ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.

6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.

7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.