Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-декабры № 181/26-4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ишке ашыруу боюнча планы, Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17 октябрындагы №01-18/126 буйругунун негизинде, Токмок шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-мартындагы № 129/19-4 «Административдик укук бузууларды кароо боюнча административдик комиссиясынын Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Токмок шаардынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы туралуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токмок шаарынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы, төмөнкү курамында түзүлсүн:
- Сатыбалдиев Улан Султанбекович – шаардык кеңештин депутаты;
- Кочкорбаев Кубанычбек Төлөбекович- шаардык кеңештин депутаты;
- Айылчиева Айнура –шаардык кеңештин депутаты;
- Чотбаев Кадырбек Каныбекович – Токмок шаардынын биринчи вице мэри;
- Айдаралиев Акжолтой Айдаралиевич - Токмок шаарынын мэриясынын башкы адиси;
- Кусанов Самат Арстанбекович – Муниципалдык менчик башкармалыгынын укуктук документтерди камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
- Мурзахметов Илим Мурсалиевич – шаардык кеңештин жетектөөчү адиси;
- Насеков Айбек Рыспекович – жарандык активист;
- Бейшебекова Гүлүмкан – “Таза Токмок” коомдук бирикмесинин өкүлү;
- Мукашева Салтанат – ММБнын кадр адиси;
- Эшенов Элчибек Акматбекович - “Адилетүү келечек” коомдук бирикмесинин өкүлү.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токмок шаардык кеңешинин укук тартиби жана коргонуу боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А. Солтобаев |
Токмок шаардык кеңешинин
2018-жылдын 29-декабрындагы
№181/26-4 токтомуна
Токмок шаардындагы бузуулар жөнүндө комиссиясынын
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары - Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын Токмок шаарын өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары - Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Токмок шаардык кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Токмок шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Токмок шаардык кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Токмок шаардык кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
10. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет: