Загрузка документа…
МИН-БУЛАК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 2/3
Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагында, пайдалануусунда, тескоосундо турган муниципалдык менчик объектерин башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. Тиркеме он тогуз баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго жүктөлсүн.
3. Токтомду minbulak.org.kg веб сайтына жайгаштыруу Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Жолдошовго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Асанов |
Мин-Булак айылдык аймагынын
айылдык кеңешинин
2019-жылдын 28-март
№ 2\3 токтому менен бекитилди
Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчик объекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган объекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижара – муниципалдык менчик объектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал объектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;
аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;
кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;
шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.