Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 , 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу", 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү жана берүү тартибин, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматтагы тоорукту уюштурууну жана өткөрүүнү регламенттейт.
3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жер участокторун кайтарымсыз берүүгө жайылтылбайт.
II. Терминдер жана түшүнүктөр
4. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлерди ижаралоо - менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участогун ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;
ижарага берүүчү - Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан жер участокторун башкаруу жана ээлик кылуу боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүргөн Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы - жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен ушул жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;
кайрадан түзүлгөн жер участогу - жаңыдан түзүлгөн жер участогу-эки же бир нече жер участокторун кошуунун натыйжасында, ошондой эле жер участогунун чек аралары (конфигурациясы) өзгөргөндөн кийин түзүлгөн жер участогу;
кепилдик төгүм (шертпул) - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акча суммасы;
башкы план - шаардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;