Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июну № 40
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункт төмөнкү мазмундагы 5- жана 6-абзацтар менен толукталсын;
“4-тиркемеге ылайык, жер участоктор үчүн ижара акысынын коюмдары;
5-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери.”, 4- жана 5-тиркемелер ушул токтомдун 1-жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
3-пункт 2-абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
киришмедеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” сөздөр “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктта:
10-абзацтагы “жер пайдалануу жана куруу эрежелеринин” деген сөздөр алып салынсын;