Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-7
Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ,“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-7 токтому менен бекитилген
|
Ноокат шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчик обьекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган обьекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижара – муниципалдык менчик обьектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал обьектти ижарага берүүчүнүн Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти (мындан ары - ММД) ижарачыга бериши;
аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;
кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;
шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген шаардыгы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк обьекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.
конкурс – катышуучулардан тооруктардын предметине карата ижарага берүүчү тарабынан белгиленген шарттарды аткаруусу талап кылынган тооруктардын формасы;
кызыл сызыктар – көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктоочу жана көчөлөр менен жолдорду пландуу түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп туруучу чек болуп саналган сызыктар;
лот – менчик укукка ээ болуу тооруктарда коюлган муниципалдык менчиктин конкреттүү обөекти;