Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры №2/3
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессетик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, “Пробация жөнүндө”,”Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 17-октябрь 2018-жылындагы №01-18/26 буйругун аткарууга алуу максатында Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобону жана комиссия курамын талкуулап чыгып Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 17-октябрь 2018-жылындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары туралуу Типтүү жобону бекитүү жөнүндөгү №01-18/26 буйругун негизинде тиркемеге ылайык Савай айыл өкмөтүнүн Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Жобо бекитилси. (тиркеме тиркелет 6 барак)
2. Савай айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- С ултанов Замир- Савай айылдык Кеңешинин депутаты,комиссиянын төрагасы;
- Осмоналиев Алишер – Савай айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Алымова Гулмира - Савай айыл өкмөтүнүн юристи,комиссиянын катчысы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
-Хакимов Базарбай - Савай айылдык Кеңешинин депутаты;
-Акымбеков Абибилла - Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
-Аматова Бусайра - Аялдар Кеңешинин төрайымы;
-Кундузов Манас – Жаштар комитетинин мүчөсү;
- Хайдаров Мамашарип - Курбан-Кара айылынын айыл башчысы;
- Айткурбанова Венера - С.Аристанбеков мектебинин директору;
-Аманова Гулмира - Савай айыл өкмөтүнүн соц адиси;
- Чырмашов Батыр - Кесен-Жар айылынын айыл башчысы;
3. Түзүлгөн комиссияга өз ишмердүүлүгүн кабыл алынган Жобонун негизинде мыйзам чегинде жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Баимбетов |
Савай айылдык Кенешинин Депуттаттарынын 2018-жылдын «22 » декабрында VI Чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
№ 2/3 токтому менен бекитилген
_____________________________________
САВАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТ/Н/Н БУЗУУЛАР ЖӨН/НДӨ ИШТЕРДИ КАРОО БОЮНЧА КОМИССИЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары –Кодекс)каралган жобонун негизинде ушул жобо Савай айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия Савай айылдык Кенеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Савай айылдык кенешинин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексин,, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Комиссия Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия Савай айылдык Кенешинин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын,
15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Савай айылдык Кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердуулугун материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтуу бюджеттн каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
II. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда , 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын , төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.