Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры №6-6
USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору алкагында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жана муниципалдык менчикте турган обөекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын аныктоо максатында муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби жөнүндө жобону карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун алкагында муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (жобо тиркелет).
2. С.Юсупова айыл өкмөтүндө муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби ушул жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-декабрындагы 6-чакырык 6-сессиясынын №6-6 токтомуна №1-тиркеме |
Муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби жөнүндө
1. Муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган обөекттерге (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) менчик/ижара укугун берүү аркылуу муниципалдык менчикти башкаруу тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
ижара – муниципалдык менчик обөектин белгилүү бир акыга же акысыз түрдө белгилүү бир мезгилге колдонуу укугу менен ал обөектти ижарага берүүчүнүн (айыл өкмөтү) ижарачыга бериши;
аукцион – эң жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү деп эсептелген тооруктардын формасы;
кепилдик төлөмү – жер участогуна укук алуу максатында тооруктарга катышууну каалаган талапкер тарабынан киргизилүүчү акчалай сумма;
шаар куруу регламенти – шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтери, куруу жана жер пайдалануу эрежелери менен белгиленген айылдагы калктуу жерлерде жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк обөекттерин уруксат берилген колдонуунун параметрлеринин жана түрлөрүнүн жыйындысы;
шаар куруу документи – райондук пландаштыруу долбоорлорунун документтери, башкы пландар, деталдуу пландаштыруунун, чек салуунун, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн куруунун калктуу конуштардын пландуу түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
сары сызыктар – уратуучу жер титиретүүлөрдүн, башка жаратылыш же техногендик кырсыктардын кесепетинде имараттардын (курулмалардын, куруулардын) ширендилеринин (уроолордун) мүмкүн болгон жайылуусунун максималдуу жол берилген зоналарынын чектери. Сары сызыктар, эреже катары, имараттар менен курулмалардын ортосундагы ажырылган жерлерди жөнгө салуу үчүн колдонулат.
конкурс – катышуучулардан тооруктардын предметине карата ижарага берүүчү тарабынан белгиленген шарттарды аткаруусу талап кылынган тооруктардын формасы;
кызыл сызыктар – көчөлөрдүн жана жолдордун кеңдигин аныктоочу жана көчөлөр менен жолдорду пландуу түзүмдүн башка элементтеринен бөлүп туруучу чек болуп саналган сызыктар;
лот – менчик укукка ээ болуу тооруктарда коюлган муниципалдык менчиктин конкреттүү обөекти;