Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №161
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 28-декабрындагы №908ү08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 4-февралындагы №10 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Ормонов |
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы кезектеги XIX сессиясынын (IV чакырылыш) №161 токтомуна тиркеме
|
“Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө”
I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине укук берүү тартиби жөнүндө” (мындан ары – Жобо) Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституция, Жарандык, Жер Кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана пайдаланууга берүү, ошондой эле, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерин мамлекеттин менчигине ажыратуу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Аталган Жобо аларга бекитилген турак-жай эмес имараттар, курулмалар, анын ичинде турак-жай жана турак-жай эмес жайларга жайылтылат (мындан ары – Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттери).
Ушул Жобо мамлекеттик же жеке менчиктеги муниципалдык менчик жер участокторуна, имарат, курулма же жайлар жайгашкан жер участокторуна колдонулбайт.
3. Ушул Жобонун 2-пункттунда көрсөтүлгөн турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар аларга бекитилген жер учатокторуна болгон укуктарынан ажырагыс. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участокторуна мындай укукту берүү жүргүзүлөт.
II.ЧАРБА ЖүРГүЗүү УКУГУ, ЫКЧАМ БАШКАРУУ ЖАНА МӨӨНӨТТҮҮ (УБАКТЫЛУУ) АКЫСЫЗ ПАЙДАЛАНЫП ТУРУУ
4. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк обьекттерине чарбалык жүргүзүү укугу муниципалдык ишканаларга, ал эми ыкчам башкаруу укугу муниципалдык уюмдарга бекитилет.
5. Чарба жүргүзүү муниципалдык ишканаларга же ыкчам башкаруу муниципалдык уюмдарга Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги Ош шаарынын жашоо-турмушту камсыздоо функцияларын же Ош шаарынын бюджетинен толук же жарым-жартылай каржылануучу башка функцияларын камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу турак-жай эмес имараттар, курулма же жайлар берилет.
6. Мүүнүтсөз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) укугу берилет.
а) муниципалдык ишкана же уюм болуп саналбаган Ош шаарынын бюджетинен толугу менен же жарым-жартылай каржыланган ишкана, уюм жана мекемелер, Ош шаарынын жашоо-турмуш функциясын камсыз кылган, ошондой эле, Ош шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары милдеттүү деп аныктаган кызматтарды калкка көрсөтөт.
б) Ош шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишканалар, уюмдар жана мекемелерди турак-жай эмес имараттар, курулмалар же жайлар менен акысыз негизде камсыз кылууга милдеттүү.
7. Мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги турак-жай эмес имарат, курулма же жайлар берилет.
8. Ыкчам башкаруу жана чарба жүргүзүү укугу жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аткаруу органдарынын чечими менен ишкана жана мекемелерге бекитилет.