Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры №38
Чангет айылдык Кеңешинин (IV шайланган) кезектүү 5-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Т.Аширбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Эшиев |
|
|
| Чангет айылдык Кеңешинин 2018-жылдын “27” ноябрындагы № 38 токтомуна тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин
ТИПТҮҮРЕГЛАМЕНТИ
I глава. Жалпы жоболор
Аксакалдар сотунун мүчөсү – Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунун мүчөсүн чыгарып салуу - талашып-тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттун мүчөсү иштин жыйынтыгына кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароого катышуудан четтетүү.
Аксакалдар сотунун отуруму – курамында аксакалдар сотунун бардык курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү, тараптар жана ишке катышып жаткан башка адамдар катышкан, олуттуулугу боюнча ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олуттуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.