Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 20-марты №186

2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына квоталарды аныктоо жөнүндө

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине жыл ичинде Кыргыз Республикасы боюнча белгиленген квотанын чектеринде экономика тармактары жана региондор ортосунда квоталарды кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын" 20-мартындагы №186 токтомуна тиркеме

2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА

 

 

 

 

Региондор

Экономика тармактары боюнча кесиптердин

(иштердин) топтору (адам)

Өнөр жай жана курулуш

Айыл жана токой чарбасы, кайра иштетуу өнөр жайы

Транспорт коммуникация, геологиялык чалгындоо жана тоокен өнөр жайы

Соода тейлөө чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иштер

Саламаттыкты сактоо билим берүү, лим маданият жана искусство

Кредиттөө, банктык сектор камсыздандыруу жана башка тармактар

 

 

 

Бардыгы

Баткен облусу

235

115

22

51

35

10

468

Жалал-Абад облусу

186

212

112

22

74

22

628

Ысык-Көл   облусу

74

112

13

18

17

10

244

Нарын облусу

22

32

70

13

25

19

181

Ош облусу 

69

87

22

930

15

22

1145

Талас облусу

44

48

23

12

15

13  

155

Чүй облусу

244

760

74

112

52

74

1316

Бишкек шаары

967

37

112

1711

223

283

3333

Ош шаары  

344  

422

22

223

74

30

1115

Республика боюнча бардыгы

2185

1825

470

3092

540

473

8585

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри

 

Н.Айтмурзаев