Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-декабры № 76/7
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 "Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 "Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасы Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага | Т. Абдыгулов |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/7 токтомуна карата тиркеме |
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 "Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 "Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Токтомдун аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги "гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү" дегенге алмаштырылсын.
2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоонун:
1) аталышындагы жана бүтүндөй текстиндеги "гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында электрондук билдирүүлөрдү өткөрүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү" дегенге алмаштырылсын;
2) бүтүндөй текст боюнча "банк-төлөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "катышуучу-төлөөчү" дегенге алмаштырылсын;
3) 1.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) жүргүзүү саясатына", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жана Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 1-июнундагы № 29/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына (мындан ары - Улуттук банк) ылайык иштелип чыккан.";
4) 1.2-пункттагы "берүү жана иштеп чыгуу" деген сөздөр "кагаз бетине чыгарылган төлөм документтерин жана" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 1.3-пункттагы "келишим" деген сөз "Башкы келишим" дегенге алмаштырылсын;