Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-майы № 224
Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688, 2017-жылдын 18-августундагы № 501, 2020-жылдын 10-сентябрындагы № 477, 2020-жылдын 7-декабрындагы № 595, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жѳнγндѳ" "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" жана "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Мыйзамдарына ылайык, биологиялык түрлөрдүн сакталышын камсыздоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, анын ичинде эндемикалык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген объекттерди, ошондой эле мумие камтыган минералдык сырьену жана козу карындарды тиешелүү түрдө коргоо, аларды мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кайталангыс объекттерине (сейрек эндемикаларга жана корголуучу түрлөрүнө) зыян келтиргени үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксатсыз алуу (уурдоо) менен келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- юридикалык жана жеке жактардын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине жана мумие камтыган минералдык сырьего келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксасы;
- республиканын аймагында жыйноого уруксат берилген дары жана техникалык өсүмдүктөрдүн тизмеси жана аларды юридикалык жана жеке жактардын камдоосуна лимиттер;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн такса;
- Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын балык запастарына жана суудагы биологиялык ресурстарга келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы;
- мамлекеттик токой фондунун жерлеринде юридикалык жана жеке жактардын уруксатсыз чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу менен келтирген зыяны үчүн айыпты эсептөөнүн таксасы.
- Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн доолордун суммасын пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 384 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирилген зыян үчүн өндүрүлгөн суммалар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине төлөнө тургандыгы белгиленсин, алардын 30 пайызы эреже бузууну аныктаган жана акты түзгөн адамдарга (протоколдорду/актыларды түзүүчүлөргө) сыйлык берүүгө жумшалат, 70 пайызы бирдей өлчөмдө республикалык бюджетке жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын (алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн) атайын эсептерине которулат.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-октябры № 688 токтомдун редакциясына ылайык)