КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-декабрындагы № 820 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 26-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда атайын каражаттарды колдонуунун тартибин жана тизмегин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда пайдаланылуучу атайын каражаттарды колдонуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т.Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу атайын каражаттардын ТИЗМЕГИ