Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын-6-октябрындагы № 148 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2026-жылдын 1-ноябрынын тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АДМИНИСТРАТИВДИК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ
2017-жылдын 25-январы № 13
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылды 1-июлунан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2020-жылдын 18-июлундагы № 80, 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 12-июлундагы № 64, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2025-жылдын 11-январындагы № 3, 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 28-февралындагы № 48, 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 , 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 3-августу № 141, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү
Ушул Кодекс административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин, ошол талаш-тартыштарды сотто кароонун жана чечүүнүн процесстик принциптерин жана эрежелерин белгилейт.
2-берене. Административдик сот өндүрүшү тууралуу мыйзамдар
1. Кыргыз Республикасынын сотторунда административдик иштер боюнча сот өндүрүшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган административдик процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Эгерде ушул Кодексте сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тууралуу жоболор жок болсо, эгерде алар ушул Кодекстин негизги принциптерине жана максаттарына карама-каршы келбесе, анда тиешелүүлүгүнө жараша Жарандык процесстик кодекстин жана башка мыйзамдардын ченемдери колдонулат.
4. Административдик иштер боюнча сот өндүрүшү ишти кароо жана чечүү, айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо жана сот актыларын аткаруу учурунда колдонулган мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
3-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) административдик сот өндүрүшү (административдик процесс) - бир тараптан административдик органдардын жана (же) алардын кызмат адамдарынын жана экинчи тараптан жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы административдик-укуктук (жалпы укуктук) мамилелерден келип чыгуучу талаштар боюнча сот өндүрүшү;
2) административдик иш - жалпы укук мамилелеринин субъекттеринин ортосундагы укуктук талашты чечүү жөнүндө сот өндүрүшүнө кабыл алынган талап, ошондой эле бул талашка тиешелүү материалдар. "Административдик иш" түшүнүгү административдик укук бузуулар жөнүндө иштерге жайылтылбайт;
3) административдик акт - бул административдик органдын же анын кызмат адамынын актысы, бир эле убакта:
а) жалпы укуктук жана жеке-айрым мүнөзгө ээ;