Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры № 800
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 212, 2024-жылдын 9-августундагы № 459, 2025-жылдын 17-январындагы № 20, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 178
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке салуу максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33, 2025-жылдын 17-январындагы № 20 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөө жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация жашаган регионуна жараша иш жүзүндөгү баалар боюнча, бирок Бишкек шаарында суткасына 500 сомдон, ал эми региондордо суткасына 420 сомдон көп эмес төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 178 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аскер кызматчыларынын турак жайды (жашоо аянтын) убактылуу жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация төлөөнү аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын белгилөөгө багытталган "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүлөрдү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун белгиленген тартипте демилгелесин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Исаков |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33, 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 212, 2024-жылдын 9-августундагы № 459 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына (мындан ары - аскер кызматчылары) жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине (мындан ары - кызматкерлер) аларды турак жай (жашоо аянты) менен камсыздоо мүмкүн болбогон жана аскер кызматчыларынын/кызматкерлердин жана алар менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турак жай (жашоо аянты) жок болгон учурда убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны (мындан ары - компенсация) төлөө тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация жашаган регионуна жараша иш жүзүндөгү баалар боюнча, бирок Бишкек шаарында суткасына 300 сомдон, ал эми региондордо суткасына 250 сомдон көп эмес төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскер кызматчылары үчүн убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсация Бишкек шаарында суткасына 500 сом, ал эми региондордо суткасына 420 сом өлчөмүндө төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 459 токтомунун редакциясына ылайык)