Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 токтомуна) |
Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызмат көрсөтүүлөргө жана тейлөөлөргө суроо-талап берген колдонуучуларды техникалык колдоонун убактылуу тартиби (мындан ары - Тартип) кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдалануудагы проблемалар боюнча колдонуучулардын өтүнмөлөрүн иштеп чыгуунун эрежелерин, мындай кызматтарды көрсөтүүдө жана тейлөөдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин, "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө техникалык колдоо жол-жоболорун ишке ашырууну аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
1) инцидент - кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөнү (кызмат көрсөтүүнүн/тейлөөнүн аталышы, мөөнөтү, сапаты) пайдалануудагы проблемалар менен байланышкан жана колдонуучу техникалык колдоо үчүн кайрылууда өтүнмөдө көрсөтүлгөн окуя (штаттан тышкаркы кырдаал);
2) өтүнмө - колдонуучунун инцидент жөнүндө кат жүзүндөгү, оозеки (телефон аркылуу), электрондук (техникалык каражаттардын - программалык тиркеменин, маалыматтык системанын, веб-сайттын, порталдын, социалдык тармактардагы баракчанын жардамы менен) кайрылуусу;
3) колдонуучуну идентификациялоочу маалымат - колдонуучунун аты-жөнү, жеке идентификациялык номери; колдонуучу атынан чыккан юридикалык жактын аталышы, салык төлөөчүнүн жеке номери, байланыш маалыматтары (телефон номери, e-mail);
4) таасир этүү убактысы - колдонуучунун кайрылуусун алгандан кайрылуу кабыл алынганга чейинки убакыттын мезгили (жумушчу саат менен) (электрондук почта аркылуу электрондук жооп жиберүү, телефон чалуу, СМС-билдирүү, жеке кабинетине кайрылуунун катталганы жөнүндө билдирүүнү жана катталган кайрылуунун номерин камтыган билдирүү аркылуу ырасталат). Кайрылуунун катталганы жөнүндө билдирүүдө кайрылуунун мазмуну боюнча маалыматка суроо-талап, консультациялар же сунуштар, ошондой ал болгон учурда даяр чечим камтылышы мүмкүн;
5) өтүнмөнү аткаруу убактысы - кайрылуу кабыл алынган учурдан тартып өтүнмө аткарылган жана/же жабылган учурга чейинки убакыт;
6) жумуш күн - жумуш убактысы, дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары;
7) жумушчу саат - жумуш күндүн чегиндеги астрономиялык саат;
8) техникалык колдоонун катышуучулары - пилоттоштуруунун катышуучуларынын техникалык колдоо кызматтары (онлайн, мобилдик уюлдук байланыш операторлорун, коммерциялык банктарды, төлөм кызматтарын көрсөтүүчү жактарды кошкондо, колл-борборлор, тейлөө борборлору, тейлөө кеңселери, кардарларды колдоонун башка механизмдери), кызмат көрсөтүүчүлөрдү техникалык колдоо кызматтары (мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бөлүмдөрү, мамлекеттик муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар), ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
9) колдонуучуларды техникалык колдоо системасы - ушул Тартипте көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплексин ишке ашырган техникалык колдоонун катышуучуларынын кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн), жыйындысы, алар аркылуу өтүнмөлөрдө көрсөтүлгөн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү пайдаланууда келип чыккан инциденттерди чечүүдө колдонуучуларга жардам көрсөтүлөт;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - пилоттук долбоорду ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
11) колдонуучуларды техникалык колдоо деңгээлдери (ТК 1, ТК 2, ТК 3) - түшкөн өтүнмөлөрдү кароону ирети менен аткарган техникалык колдоо линиялары;
12) эскалация - инцидентти чечүүнү жогорку деңгээлге (кийинки деңгээлге) өткөрүп берүү токтоосуз ишке ашырылат.
Ушул тартиптеги башка терминдер жана аныктамалар "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Жарнама жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, банк мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик санариптик платформа аркылуу санариптик формадагы кызматтарды көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн убактылуу тартибинде, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде пайдаланылат.