Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 токтомуна ылайык) |
Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү
мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 143, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 28-майындагы № 275 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) кылмыш-жаза иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими боюнча конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу тартибин, ошондой эле конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктү эсепке алуу, баалоо, сатуу жана жок кылуу тартибин аныктайт.
2. Конфискацияланган, ээси жок же кароосуз калган мүлк ушул Жобого ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга же уюмдарга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган же ыйгарым укуктуу органдар) өткөрүп берилет.
3. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды мамлекеттин кирешесине айландыруу сот аткаруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Жарандык жүгүртүүдөн алынган жана жарандык жүгүртүүдө чектелген мүлк сот аткаруучулар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Ушул Жободо белгиленген мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсепке алуунун, баалоонун жана сатуунун атайын тартиби белгиленген, мамлекеттин менчигине келип түшкөн башка мүлккө жайылтылбайт.
4. Ушул Жободогу аныктамалар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде колдонулат.
2. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган
мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү, эсепке алуу, баалоо жана сатуу
5. Ыйгарым укуктуу органдарга сот аткаруучулар тарабынан төмөнкүдөй мүлк өткөрүп берилет:
1) кылмыш-жаза иштеринин алкагында конфискацияланган;
2) укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында конфискацияланган;
3) ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча мамлекеттик менчикке келип түштү деп таанылган ээси жок кыймылсыз мүлк;
4) тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан баш тартылган, кароосуз калды деп таанылган мурастык мүлк.
6. Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруучу көргөн чаралардан кийин мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө кабарлама-катты мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Көрсөтүлгөн кабарлама-катка белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин көчүрмөсү, соттук акт, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берген документтер тиркелет.