Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-октябры № 636
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексинин 99-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонууга карата көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондордун жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринен бошотулуучу адамдардын кийим-кече буюмдарынын сыпаттамасы 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелерин эмерек, инвентарь, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорго жана кармалган адамдарга самын жана жуучу каражаттарды берүүнүн минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелериндеги соттолгондорду жана кармалган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун МИНИМАЛДУУ ЧЕНЕМДЕРИ
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон эркектерди кийим-кече менен жабдуунун № 1 ченеми
№ | Буюмдардын аталышы | 1 адамга буюмдун саны | Кийүү мөөнөтү | Эскертүү |
1 | Жасалма аң териден кулакчындуу тумак | 1 даана | 3 жыл |
|
2 | Кепка | 1 даана | 2 жыл |
|
3 | Бир өңдүү күңүрт түстөгү кездемеден тигилген кышкы күрмө | 1 даана | 3 жыл |
|
4 | Кебез кездемеден күрмө (шым, күрмө) | 2 комплект | 2 жыл |
|
5 | Футболка | 2 даана | 1 жыл |
|
6 | Майка | 2 даана | 2 жыл |
|
7 | Трусы (ич кийим) | 2 даана | 2 жыл |
|
8 | Байпак | 3 жуп | 1 жыл |
|
9 | Жылуу байпак | 1 жуп | 1 жыл |
|
10 | Көйнөк жана кальсон | 1 комплект | 2 жыл | Көйнөк жана кальсон 60 жаштан ашкан адамдарга берилет |
11 | Кышкы өтүк | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
12 | Туфли | 1 жуп | 1 жыл | Резина жана башка бут кийимге алмаштырса болот |
13 | Бөлмөдө кийүүчү бут кийим | 1 жуп | 2 жыл |
|
Бул ченем боюнча Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрүндө жаза өтөөгө жиберилген соттолгондор, ошондой эле медициналык мекемелерде чарбалык тейлөө боюнча жумуштарга тартылган соттолгондор камсыздалат.
Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгон аялдарды кийим-кече менен жабдуунун № 2 ченеми