Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-октябрындагы № 636 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2015-жылдын 22-декабры № 864
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуунун минималдуу ченемдерин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун минималдуу ченемдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдардын кийим-кечегин оңдоо боюнча материалдардын чыгымдалышынын минималдуу ченемдери 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды кийим-кече менен жабдуунун ченемдерин колдонуу боюнча көрсөтмө 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги соттолгон жана кармалган адамдардын кийим-кече буюмдарынын сүрөттөлүшү 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелери үчүн самын жана кир жуугуч каражаттардын берилишинин минималдуу ченемдери 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун мекемелерин эмеректер, жабдуулар жана буюмдар менен камсыз кылуунун минималдуу ченемдери 6-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: