Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2024 жылдын «29» 08.
№ 150 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү
ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
3. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча жумуштарды уюштуруу
4. Шаардык аймактарды санитардык күтүү жана тазалоону уюштуруу
5. Шаардык аймактарды күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
6. Шаардык аймактарды жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
7. Жолдорду жайкы тазалоого карата талаптар (айрым элементтер боюнча)
8. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо
9. Бак-дарактарды күтүү жана карап багуу, шаардык аймакты жашылдандыруу
10. Жашылдандырылган аймактардын бак-дарактарын коргоо
11. Ар кандай багыттагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда бак-дарактардын сакталышын камсыздоо
12. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоо
13. Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги
Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаар аймактарын тышкы көрктөндүрүү абалына жана айлана-чөйрөнү коргоого карата талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.