Редакцияот 17.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-январы № 24

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын

тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо,

реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:

- 17-пункт "Тарых, архитектура" деген сөздөрдөн кийин "(жоготту)" деген сөздөр менен толукталсын;

- 18-пункт "Архитектура" деген сөздөн кийин "(жоготту)" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев